Чечилбеген чек ара бийликтин да, элдин да баш оорусуна айланды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте чек ара көйгөйлөрүн көтөргөн нааразылык акциясы өтүп, ага катышкандар Баткендин Ак-Сай айылында төмөнкү жайытты, Көк-Таш айылында такталбаган аймакты тажикстандыктар иштетип жатат деп нааразы. Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев айрым жер тилкелери Тажикстанга өтүп кеткени жөнүндө сөздөр негизсиз экенин, учурда чек араны тактоо жүрүп жатканын билдирди.