«2020-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү» сынагынын жыйынтыгына ылайык 12-февралда жеңүүчүлөр аныкталды.
Иликтөөчү журналисттер фонду жарыялаган конкурстун жыйынтыгында 1-орун “Телевизиондук Академия” коомунун астында Адиль Турдукулов, Булат Сатаркулов, Александр Тропейко биргелешип даярдаган “Парки коррупционного периода” (“Коррупцияга малынган Бишкектин гүлбактары”) аттуу иликтөөсүнө ыйгарылды.
2-орун «Клооп» басылмасы даярдаган «Кольца коррупции» (“Коррупция айлампасы”) иликтөөсүнө тийди.
3-орун журналисттер Болот Темиров жана Али Токтакуновдун биргелешип даярдаган “Райымбек Матраимовдун бажыдагы сансыз туугандары” аттуу иликтөөсүнө берилди.
Мындан тышкары атайын сыйлыктар "Т-Медиа Групп" медиасы менен "ПолитКлиника" басылмасына берилди.
Бул сыйлык 3-ирет тапшырылып жатат. 2020-жылы сынакка жалпы 40 эмгек келип түшкөн.
Сыйлыкты тапшыруу аземи Бишкекте, Уланбек Эгизбаевди эскерүү форумунун алкагында болду.
Уланбек Эгизбаев көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 31 жашка чыкмак.
«Азаттык» радиосунун таланттуу иликтөөчү кабарчысы Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. (BCh)