Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:34

Кылмышка карата татыктуу жаза берүү – турмуш талабы


Аткаминердин укуктук түшүнүгү. Т.Карыкеев (Кимбайке). 07.3.2011.
Аткаминердин укуктук түшүнүгү. Т.Карыкеев (Кимбайке). 07.3.2011.

Райымбек Матраимовдун эркиндикте калышы коомчулукта резонанс жаратты. Кылмыш менен жазанын ортосундагы байланыш, жазанын колдонулушу жана анын максаты эмнеде? Медер Айтмырзаевдин блогу ушул көйгөйгө арналат.



Керек болгон учурларда элдин бакубат жашоосу үчүн адилеттүү жазалар керек экендигине дагы да ынанып жатамын. 11-февралда Райымбек Матраимовго каршы чыккан соттук чечим күтүлгөндөй эле эл арасында талаш-тартыштарды жаңыдан жандандырды.

Азыркы бийлик келгенден бери Кыргызстанда көптөгөн экономикалык кылмыштарга мунапыс жарыяланып, жаңы аныкталып жаткан кылмышкер-коррупционерлерге жумшак мамиле жасалып жатат.

Мунун канчалык акыйкаттыгы, адилеттүүлүгү жана коомго пайдасы бар? А болбосо, ар бир жаза коомдук адилеттүүлүктү, коомдук пайданы максат кылышы керек. Ушунун негизинде да коомдук келишим (Конституция) түзүлүп, тиешелүү мыйзамдар кабыл алынат. Дал ушундай чуулгандуу кылмыштар ар бир жаранды ойго салган коомдук деңгээлдеги окуя болуп эсептелинет.

Жазалар өзүнүн кылмышка өлчөмдүүлүгү, пайдалыгы жана башка кылмыштардын алдын алуусу менен өз миссиясын аткарган болот. Жазык укугунда “Тоскоол түзүү теориясы” – “Deterrence theory” деген теория бар. Бул жогоруда айтылган кылмыштардын алдын алуу, жаңы кылмыштарды болтурбоо максатында жазанын түпкү маңызын аныктайт.

Бул теориянын башында италиялык укук философу Чезаре Беккариа (1738–1794) турат.

Италиялык укук философу Чезаре Беккариа (1738–1794).
Италиялык укук философу Чезаре Беккариа (1738–1794).

Бүгүнкү Кыргызстанда болуп жаткан чуулгандуу кылмыш иштерине Беккарианын көзү менен карап көргүм келет. 1764-жылы жазылган анын “Кылмыштар жана жазалар жөнүндө” (Dei delitti e delle pene) китеби ошол убакытта Европада чоң бурулуш жасаган жана анын трактаттары заманбап дүйнөлүк жазык укугунун негизги өзөгүн түзөт.


Бул эмгекте мыйзамдардын булагы, алар кандайча кабыл алынышы керек жана кандайча чечмелениши керек, жазалар эмне үчүн муктаждык болуп саналат жана жазалар кандай сапаттарга ээ болушу керектиги айтылган.
Албетте, Беккарианын трактаттары репрессиялык максаттарды же жалаң эле жазалоо амалдарын көздөбөйт. Тескерисинче, ошол убакытта Италия жана Батыш Европанын бир нече өлкөлөрүндө (Австрия, Пруссия, Швеция) адилеттикти жана жазык укугунда алгачкы либералдык реформаларын жүзөгө ашырууга салымын кошкон. Ал кыйноолорду жойгон, өлүм жазасын колдонууну кыскарткан, укук үстөмдүгү принцибин орноткон.

Натыйжада, 1786-жылы Италияда биринчи жолу өлүм жазасын толугу менен алып салган заманбап Жазык кодекси кабыл алынган.

Кыргызстан 1991-жылы эгемен мамлекет болгондон бери өзүнүн мыйзамдарын роман-германдык укук системасынын алкагында ирээтке келтирген. Демек, Беккарианын принциптери кыргыз жазык укугунда дагы камтылат десек болот.
Бүгүнкү Кыргызстанда чуулгандуу кылмыштарга байланыштуу Беккарианын эмгегинде абдан керектүү маалыматтар жатат. Ал Монтескье сыяктуу эле ар кыл кылмыштарды классификациялаган. Анын айтымында, эң оор кылмыштар – коомдун бакубатчылыгына каршы жасалган кылмыштар. Жазанын чыныгы өлчөмү болсо, кылмышкердин максаты же анын күнөөсүнүн чоңдугу эмес, анын коомго келтирген зыяны менен бааланат.

Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында Раим Матраимовдун кылмышына каршы жаралгандай элдик нааразычылык башка соттук иштерде жарала элек. Бүгүн Матраимов эл коюп жаткан күнөөнү аз өлчөмдө болсо да моюнуна алды.
Эгерде мыйзам чынында иштесе, адилеттүү сот болсо 700 миллион доллардык жемкорлуктун баарын моюнуна алмак чыгаар. Аталган сумма Кыргызстан сыяктуу өлкө үчүн абдан ири көлөм болуп саналат.

Сот, элдин берекесин жеген, мамлекеттик бюджетке эбегейсиз зыян келтирген кишини символдук айып пул (260 000 сом) менен эркиндикте калтыруусу коомдук адилеттүүлүктүн пайдубалына өлчөөсүз зор доо кетирет. Кош стандарттуулукту жаратат.

Өзгөчө өлкөдөгү саясий жана пандемиялык абалдан улам экономикалык каатчылыкты эске алганда, коомго келтирилген бул зыян эки эсе күчөйт.

Кыргызстанда Матраимов сыяктуу башка коррупционер-аткаминерлер дагы оңой эле жазадан кутулуп жаткандыгы өкүнүчтүү. Мисалы, акыркы маалыматтарга ылайык Каржы полициясынын мурдагы башчысы Бакир Таиров ири суммадагы аткезичиликке баргандыгы үчүн мамлекетке 20 миллион сом төлөп коюп кутулганы жатыптыр. Жакында сот баш коргоо чарасын өзгөртүп, жазадан бошотот деп жаңылыктарга чыга баштады.

Ушундай эле ири аткезчилик менен кармалган Каржы полициясы башчысынын мурдагы орун басары Эмиль Жамгырчиев дагы 20 миллион сом төлөп койуп эркиндикке чыгып кетти. Бир жагынан, эгерде бардык нерсе коомчулукка ачык-айкын чагылдырылса, мамлекетке айтылган каражаттар чындап эле төлөнсө пайдалуу болчудай көрүнөт. Бирок буга ишениш кыйын, ары жагынан жасалган оор кылмыштардын да сөзсүз жазасы болушу керек.

Менимче, эң адилеттүү жана рационалдуу чечим – элге чоң зыян алып келген кылмышкерлерди президенттин сөзү менен айтканда “кустуруп”, мыйзамда каралган чаралардын негизинде эркинен ажыратып жазалоо өкүмү.
Эркиндик – эң жогорку баалуулук болгондуктан, кишини эркиндигинен ажыратуу дагы эң оор жаза болуп саналат. “Жазалар денеге эмес, руханий дүйнөгө карата колдонулушу керек”, – дейт Беккария. Ошол эле убакытта эркинен ажыратылган жаза адамгерчиликтүү болушу зарыл.

Беккария адамгерчиликсиз мамилени камтыган жазанын бардык түрүн толугу менен четке кагат. Пенитенциардык (абактык) системанын максаты дагы идеялында ушундай – ал кылмышкерди жазалоо менен бирге тарбиялоо, аң сезимдүү жаран кылып чыгаруу милдетин аркалашы зарыл. Ошондо кылмышкер жон-териси менен кылган кылмышынан коомго алып келген зыянды сезет.

Азыркы элдин нааразычылыгы да ушул жагдайларга байланыштуу болуп жатат деп ойлойм.

Аткаминерлер “жеп” эле, жегенин төлөп койумуш болуп эркиндикке чыгып кетип жатканына калк нааразы.

Бүгүн өлкөдө ушундай абал өкүм сүрүп калды. Кылмыштардын алдын алуу принцибин көздөгөн жаза мындан кийин такыр эле иштебей тургандай сезилет. Жаза колдонулат деген ишенимдин кеңири жайылышы адамдардын кылмыш жасоодон мурун ойлонушуна жана кылмыш жасоодон алыс болушуна себеп болот. Жазадан кутула албайм деген ойдун өзү эле кылмышты токтотуу жагынан абдан маанилүү.

Беккариа бул маселени “кылмыштын алдын алуучу эң маанилүү нерсе – бул жазанын оордугу эмес, жазанын сөзсүз болушу” деп билдирет. Өзгөчө ири кылмыштардан оңой кутулуу жолу мындан кийин дагы жаңы коррупционерлерди жарата турганынан шек жок.

Кыргыз сот системасы потенциалдуу кылмышкерлердин астында ушундай жосунсуз өрнөктү – прецедентти жаратып жатат. Саясий көз карандылыкка баш-оту менен малынган соттор өз алдынча чечим чыгарбашы белгилүү. Баары “жогоркулардын” көзөмөлүндө.

Жыйынтык
Кылмышкердин коомго келтирген зыянынын негизинде бериле турган жаза жасалган кылмыштын мүнөзүнө жараша аныкталып, кылмыш менен жазанын ортосунда өлчөмдүү баланс түзүлүшү керек.

Кыргызда айткандай акты-ак, караны-кара дей турган заман дал ушул азыр келген чагы.

Медер Айтмырзаев. 26.02.2019.
Медер Айтмырзаев. 26.02.2019.

Коом жемкорлук (коррупция) менен чындап күрөшөм десе, анда эрктүү бийлик, эрктүү соттор зарыл. Азыркыдай театралдык кармоолорду, алдын ала сүйлөшүлүп уюштурулган соттук жүрүмдөрдү токтотолу.

Элдин ырыскысы жана бакубатчылыгы ар кандай ири кылмышкерлердин кызыкчылыктарынан биринчи турат.

Бул үчүн Кыргызстандагы мыйзамдар адилеттүү иштеши керек.

Медер Айтмырзаев,
блогчу.

Ред.: Автордун пикирин "Азаттыктын" редакциялык туруму катары кароого болбойт.

XS
SM
MD
LG