2020-жылы Кыргызстанда пневмониядан каза болгондор 2,2% көбөйдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 12-февралдагы маалыматы боюнча, 2020-жылы Кыргызстанда өпкө кагыны менен ооруган 41 миң бейтап катталган. Бул көрсөткүч 2019-жылы 29 миң болчу.

2020-жылы бул оорудан каза болгондор мурдагы жылга караганда 2,2% көп болду. Оору айрыкча Ысык-Көл облусу, Бишкек шаары жана Чүй облусунда көбөйгөнү билинди.

Улуттук статистика комитети 2019-жылы пневмониядан 626 адам каза болгонун, ал эми 2020-жылы 1 407 киши бул оорунун курмандыгы болгонун маалымдады.

Мурдагы жылы ар бир 100 миң адамга пневмониядан каза болгон 10 киши туура келсе, 2020-жылы бул көрсөткүч 37 адам болду.

Пневмониядан өлүмдүн орточо республикалык көрсөткүчтөн көбүрөөк жогору болгону Чүй жана Нарын облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында белгиленди. Ал эми коронавирус инфекциясынан (COVID-19) болгон өлүм Бишкек жана Ош шаарларында, Талас облусунда белгиленди.

Кыргызстанда 2020-жылдын июль айына чейин пневмония менен коронавирус инфекциясынын эки башка эсеби жүрүп келген. Кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги бул эки эсепти бириктирген. (BCh)

Дагы караңыз

Белекке китеп тартуулоо күнү Бишкекте жана Ошто белгиленет Дональд Лу: Журналистика Вашингтондо да, Бишкекте да кооптуу кесип 13-февралга аба ырайы тууралуу маалымат"Адилет": Жаңы Баш мыйзамда өкмөттүк эмес уюмдарды чектеген норма барШыкмаматов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигине жетекчи болду