13-февралда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 8…13;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 2…7;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -2…-7 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан, кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 7…9 градус болот.