Бүгүн, 10-февралда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош шаары менен Ош облусунун аймагында издөөдө жүргөн "Женго" каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновду колго түшүрүү боюнча атайын иш-чара жүргүзүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди:
"Бир катар даректердеги тинтүүлөрдүн натыйжасында Ош шаарынын аймагындагы үйлөрдүн биринен тергөө органдарынан жашынып жүргөн Досоновдун жеке үй буюмдары жана жеке гигиена каражаттары, уюлдук телефондор табылды. Ошондой эле тыюу салынган буюмдар, анын ичинде баңгизат дагы табылды".
Азыркы тапта Ички иштер министрлиги менен бирге Досоновду кармоо үчүн “Перехват” планы жарыяланды.
Досоновдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева "Азаттыкка" атайын кызмат аларга Досоновду убактылуу колго түшүп берүү суранычы менен кайрылганын маалымдады.
"Атайын кызматтын Оштогу жетекчилиги бизге сунуш менен кайрылган. Келгиле, биз убактылуу маски шоу кылып эле, элдин көзүнчө камап, аны бир, эки айдан кийин эле чыгарабыз дешти".
УКМК 2020-жылдын 30-ноябрында Досоновго издөө жарыяланганын кабарлаган. Ал ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деген негизде 2015-жылдын 6-февралында кармалган. Досонов өзү мындай айыптоолорду четке каккан. Ал 2017-жылы Жогорку соттон толук акталып чыккан. (BCh)
Дагы караңыз
Мэрия: Бишкекте 200 миңдей жолбун ит бар, былтыр ит тиштеген 1,5 миң адам катталганCOVID-19: балдар ооруканасы толдуМьянмада калайман каршылык күчөдүАк үйдүн жетинчи кабатына беш депутат көчтү Ак үйгө келтирилген чыгым болжол менен 230 миллион сом