Усубалиевдин небереси белек жөнүндө кабарды төгүндөп, чоң атасынын машинесинин сүрөтүн жарыялады (фото)

Турдакун Усубалиев 1974-жылы колдонгон машина.

Кыргызстандын мурдагы жетекчиси, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин небереси Эсен Усубалиев "Фейсбуктагы" баракчасына чоң атасы колдонгон унаанын сүрөтүн жарыялап, түшүндүрмө жазды:

"Турдакун Усубалиев атындагы коомдук фонд президент Садыр Жапаровго Кочкор районунун тургуну белекке берген машине боюнча расмий маалымат таратты. Бирок "фонд эмне иш менен алек болгону белгисиз, кызганып жатат" деген сыяктуу сөздөрдү жазып жатышат. Кочкор районунун Бакай аттуу тургуну "1970-жылдары Усубалиев айдап жүргөн" деп Жапаровго белекке берилген машине эч качан Усубалиевге байланышы болгон эмес. Бул жерде жеке же саясий максатты көздөгөнүн көрсө болот. Эгерде кимдир бирөөдө тарыхый эстелик болсо, анда музейге өзү өткөрүп берип же Усубалиевдин кичи мекенинде тарыхый экспонат катары алып калса болмок".

Эсен Усубалиев 1970-жылдары Усубалиевге таандык делген кызматтык машинанын сүрөтүн жарыялап, "Газ 13 Чайка" үлгүсүндөгү автоунааны чоң атасы кызматтык максатта гана 1973-жылы колдонгонун кошумчалаган.

9-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттиги президент Садыр Жапаровдун социалдык тармактагы баракчаларына таянып кочкорлук Бакай аттуу тургун Турдакун Усубалиевге таандык деген «00-01 ФИА» номерлүү автоунааны президентке белекке бергенин жазган. Анда президент автоунааны Улуттук тарых музейине өткөрөрүн билдирген.

Усубалиев атындагы фонд президентке белекке берилген машина Усубалиевге таандык эмес экенин маалымдаган.

Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Кочкордо туулган. Совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын, «Ак шумкар» өзгөчө белгисин, «Манас», «Ленин», «Эмгек Кызыл Туу» жана башка ордендер менен сыйланган. (BCh/TSh)

Дагы караңыз

АКШдагы элчилик кызматка Бактыбек Аманбаевдин талапкерлиги каралуудаКоронавирус дагы 82 кишиге жугуп, үч адам каза болду Трамптын импичменти: алты сенатордун добушуМэр дайындоодогу жаңжалБишкек мэриясынын алдында нааразылык акциясы өтүп жатат