Жогорку сот Карганбек Самаковдун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттү

Карганбек Самаков

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго карата чыккан Жогорку соттун өкүмү жокко чыгарылды. Бул тууралуу аталган бийлик органынын басма сөз кызматы 10-февралда кабарлады.

Самаковго карата козголгон кылмыш иши Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна кайра кароо үчүн жиберилди.

Карганбек Самаковго Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик, Лебединовка, Кара-Жыгач айыл аймактарында 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялоо боюнча кылмыш иши мындан 4 жыл мурда ачылган болчу.

Октябрь райондук сотунун судьясы Дамирбек Назаров «Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган» деп айыптоонун негизинде мурдагы депутатты 10 жыл эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо тууралуу өкүмдү 2017-18-жылдары чыгарган эле.

Жогорку соттун 3-февралдагы токтомуна ылайык эми Октябрь райондук соту 2017-жылдын 19-декабрында жана 2018-жылдын 1-июнунда чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылып, иш кайра кароого жиберилди. (BCh)

Дагы караңыз

Кыргызстанда балдарды текшерүүчү бир да мобилдик рентген жокЗулушев: Райкүл Жапарованын ишинен башка иштер да кайра кароого жиберилүүдөБишкек: Мэрдин милдетин Кудайбергенов аткармай болду, Нургазиев боюнча чечим жокко чыктыМиграция кызматынын жамааты аларды өз алдынча орган катары калтырууну өтүнүштүКыргызстанда 2021-жылы 100 млрд. сомго жакын салык чогултуу планы коюлду