Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:47

Миграция кызматынын жамааты аларды өз алдынча орган катары калтырууну өтүнүштү


Кыргызстандын элчилигинин астында турган келин. Москва.
Кыргызстандын элчилигинин астында турган келин. Москва.

Мамлекеттик миграция кызматынын жамааты президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, мекемени жаңы өкмөттүн түзүмүндө өз алдынча орган калтырууну өтүнүштү.

Алардын кайрылуусу кызматтын социалдык түйүндөгү баракчаларында жарыяланды. Ага бир нече адам кол койгону көрүнүп турат.

Президентке кат жазгандар Кыргызстанда жылдан-жылга миграциялык кырдаал курчуп жатканын белгилешип, ушундай шартта кызматтын көз карандысыз иштегени маанилүү экенине токтолушту.

Кайрылган кызматкерлер Миграция кызматынын борбордук аппаратында 44 штат, эки бөлүмдө 11 штат, Орусиядагы өкүлчүлүктө 9 кызматкер бар экенин такташкан. Алар орган акыркы эки жылда өлкө бюджетине 235 млн. сом пайда келтиргенин белгилеп, өздөрүнүн жылдык чыгашасы 32 млн. сомдой экенин белгилешкен.

Өткөн аптада премьер-министрликке сунушталган Улукбек Марипов өкмөттүн радикалдуу түрдө өзгөртүлгөн түзүмүн алып чыккан. Ал мурда 48 жетекчи башкарган министрлик, агенттик, комитет жана мамлекеттик кызматтарды 12 министрлик жана бир комитетке бириктирүүнү демилгелеген.

Премьер-министрлик кызмат сакталып, анын төрт орун басарынан эки орун басары калган жана өкмөттүн аппарат башчысы кызматы ордунда калган.

Натыйжада парламент 16 жетекчиден турган өкмөттүн түзүмүн, парламент жактырган. Учурда жаңыдан бекитилген түзүмдөгү министрликтерге башка мамлекеттик мекемелерди кошуу, штаттарды кыскартуу иштери жүрүп жатат.

Миграция кызматы мында Тышкы иштер министрлигине биригери маалымдалган. Муну айрым эл өкүлдөрү жана мигранттар сындап чыгышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG