Эксперттер коронавирус адамга жаныбардан жуккан болушу мүмкүн деген тыянакка келишти

Коронавирустун кайдан чыкканын иликтеген эл аралык эксперттер тобу. 2021-жылдын 9-февралы. Ухань шаары

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму башында турган адистер тобу «коронавирус лабораториядан чыккан болушу мүмкүн» деген божомолдор чындыкка коошпойт, вирус адамга жаныбардан жугушу мүмкүн деген пикирге келишти.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо уюмунун эксперти Питер Бен Эмбарек 9-февралда Ухань шаарында өткөрүлгөн маалымат жыйында билдирди.

Коронавирустун кайдан чыкканын иликтеген эл аралык топ Ухань шаарындагы бир ай жүргүзгөн ишин соңуна чыгарды. Дүйнөдө 2,3 миллион адамдын өмүрүн алган вирус Ухандагы экзотикалык жан-жаныбарларды саткан базардан жайылган деген вариант айтылган.

Эмбарек ошондой эле вирус Уханга башка мамлекеттерден саякатчылар же тоңдурулган жапайы жаныбарлардын эти аркылуу алып келинген болушу мүмкүн экенин белгиледи. Ал ошондой эле коронавирустун пайда болуу себептерин бир эле Кытайдан эмес, Азиянын башка мамлекеттеринен, чет жактардан да издөө зарыл экенин кошумчалады.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандыктар пандемияны кенебей жатат

Адистер соңку эки апта ичинде Ухандагы вирусология инситутуна, коронавирус алгач жайылган базарга, бул илдетке чалдыккан алгачкы бейтаптарды кабыл алган ооруканаларга барышты.

Пандемиянын башында коронавирус институттан кокустан чыгып кетиши мүмкүн деген эч далили жок күмөн саноолор болгон. Андан кийин АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп жана анын тарапташтары бул сөздөрдү күчөтүп жиберишкен.

Дагы караңыз

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору алмаштыЖапаров: Ээнбаштык жана мүлк талаш иштери бар адамды мэрликке коюу мүмкүн эмесМатраимовдун коррупция боюнча ишин караган алгачкы сот отуруму башталуудаБашкы прокурор Зулушев: Курсан Асанов ИИМге буйрук болбосо деле барып алганМатраимовдун соту: Алгачкы отурум жабык өттү, иш 18-февралда каралмай болду (видео)Башкы прокурор: Сегизбаев боюнча беш иш тергелүүдө, Жолдубаева да сурак берип жататКурманкул Зулушев акча төлөп үйүнө чыккандар жөнүндө түшүндүрмө берди (видео)Стамбул аба майданында кыргызстандык келин көз жарды