Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Башкы прокурор Зулушев: Курсан Асанов ИИМге буйрук болбосо деле барып алган


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун министрликти басып алуу деген шек боюнча иши тууралуу маалымат берди.

9-февралда “Азаттык” радиосунун эфиринде Зулушев 2020-жылдын октябрь окуялары учурунда башка да мекемелерди басып алуу аракети болгону тууралуу суроого жооп берип жатып төмөнкүлөрдү айтты:

«Баарына бирдей баа бербеш керек. Курсан Асанов эч кандай буйругу жок барып ички иштер бөлүмүндө команда берип… Көрдүңүздөр го. Бул басып алуу болот. Эки-үч күндөн кийин жамааты чыгарып коюп жатат. Ошондуктан буга баа берилип, сурап жатат. Прокуратурага келип, отуруп алгандар боюнча тергөө жүрүп жатат, бирок алар барган, отурган, кайра чыгып кеткен. А Курсан Асанов буйругу жок эле команда берип, көптөгөн иштерди кылды. Бирок бул Асанов күнөөлүү, соту болот деген сөз эмес. Тергөөсү жүрсүн, эртең айыбын бекитүүгө келгенде биз ар бир факт боюнча карап чыгабыз».

Курсан Асанов 2020-жылдын 5-9-октябрында Бишкектеги жапырт башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 10-октябрда эки айга камакка алынып, 4-ноябрда кайра үй камагына чыгарылган.

26-январда ал Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталып, кармалган. Азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат.

2020-жылдын октябрында парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө бийлик алмашкан. Асанов ошол убакта бир нече күн ички иштер министринин милдетин аткаруучу болгон.

4-февралда Асановдун маселеси Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутат Дастан Бекешев ага коюлган айып боюнча так түшүндүрмө берилиши керектигин белгилеген жана октябрь окуялары учурунда мекемелерди басып алуу аракети көп болгонун айтып, калыстык үчүн ошол адамдарды да жоопко тартуу зарылдыгын кошумчалаган.

Курсан Асанов же анын адвокаттары Зулушевдин айтканы боюнча азырынча комментарий берише элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 4-февралда парламенттин жыйынында эл жаңы бийликтен кардиналдуу өзгөрүүлөрдү күтүп, бирок көңүлү калып жатканын, Курсан Асанов ойдон чыгарылган жүйөлөр менен кармалганын белгилеген жана муну саясий куугунтуктун уландысы деп атаган. (RK)

XS
SM
MD
LG