Бирмада аскердик бийликке каршы толкундоолор уланып жатат

Полиция демонстранттарды суу чачып таркатуунун айласында. Бирма. 2020-жылдын 8-февралы

Бирма (Мьянма) полициясы демонстрацияга чыккандарды таркатуу үчүн асманга карай ок атып, суу чачты. Шайлоо аркылуу бийликке келген президент Аун Сан Су Чжинин камалышына каршы толкундоолордун уланып жатканына 9-февралда төрт күн болду.

Генералдар 1-февралда бийликти төңкөрүш жолу менен алып, өлкөнүн лидерлерин камап, бир жылга өзгөчө абал жарыялаган. Алар ошондой эле төңкөрүшкө каршы чыккандарды «туруктуулукка» коркунуч жаратып жатат деп, аларга катаал чаралар көрүлөрүн эскертишкен.

Демонстранттар жарандык өкмөттүн кайра калыбына келишин, камалгандардын бошотулушун талап кылышууда.

Азыркы бийлик баш калаа Нейпидодо жана башка ири шаарларда беш адамдан көп топтолууга тыюу салган. Ошондой эле ири каршылык акциялары өтүп жаткан аймактарда түнкүсүн коменданттык саат киргизген.

АКШнын президенти Жо Байден 1-февралда Бирмадагы окуяларды өлкөдөгү демократияга жана мыйзам үстөмдүгүнө каршы чабуул катары кескин айыптады.

Дагы караңыз АКШ кутумчулар бийлеп калган Бирмага көмөк программасын кайра талдайт

Дагы караңыз

Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяландыЖапаров: Ээнбаштык жана мүлк талаш иштери бар адамды мэрликке коюу мүмкүн эмесКоронавирустан дагы эки киши каза болду, 58 адам жаңы катталдыУКМК: Жогорку сотко караштуу мекемеде жемкорлук аныкталып, бир жетекчи кармалдыҮсөнбаев: Коронавирустун "британ штаммын” аныктоо Кыргызстанда да жүрүп жататБШК Текебаевдин мандаты боюнча Жогорку сотко кайрылдыБишкек: Жаңы жетекчи аялга кол көтөргөн окуясынын чоо-жайын айтып бердиМырзакматов: Министрликтерди бириктирип коюу реформа эмесБалбак Түлөбаев: “Шайлоону эмне кылабыз, кайсы партия?” деп сүйлөшчүбүз