Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

Бишкек: Жаңы жетекчи аялга кол көтөргөн окуясынын чоо-жайын айтып берди


Эрмек Нургазиев.
Эрмек Нургазиев.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп жаңы дайындалган Эрмек Нургазиев аял кишиге кол көтөргөн окуясы тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып “Мен үчүн бул күтүүсүздүк болгон. Болор иш болду” деп жооп берди.

9-февралда Нургазиев алгачкы пресс-конференциясын берип, чырдашкан аял жазган арыздардын негизинде сотко чейинки териштирүүлөр болгонун тастыктады жана "Бул анын укугу. Экөөбүздүн ортобуздагы чырдан бери уланып келе жаткан териштирүүлөр. Эч кандай кылмыш иши жок” деп билдирди:

"Ал аял биздин үлүшчүлөрдүн жыйыны өтүп жаткан жерге келип, телефонун даярдап коюп, бетиме чаап жиберген. Бул 1,5 жыл мурда болгон окуя. Мен да реакция болуп кетип, чаап жибергем. Анысы чын".

Өкмөт башчынын буйругу менен Нургазиев мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалганы 9-февралда расмий маалым болду. Буга чейин ал курулуш компанияларынын бирин жетектеп келгени айтылды.

Бул күндөрү интернетте "Нургазиев нааразылык акциясына чыккан аялга кол көтөргөн" деген видео тарап жатат. Айрым маалыматтарга караганда, ал аял адвокаттык ишин аткарып жаткан жана Нургазиев менен үлүш негизинде көп кабат үй куруу боюнча милдеттенмелердин аткарылбай жатышына байланыштуу айтыша кеткен.

Чырлашкандардын экинчи тарабы бул окуя тууралуу комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG