Базар-Коргон айылы шаар болду

Базар-Коргон районуна кире бериш

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2021-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл аймагынын Жети-Кошкон, Беш-Бадам жана Базар-Коргон айылдарынын, Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын, ошондой эле Кеңеш айыл аймагынын Совет, Аук айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштарынын чегинде Базар-Коргон айыл аймагынын базасында административдик-аймактык бирдик катары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү сунушталган.

Кыргызстанда республикалык маанидеги эки ири шаар бар. Алар - Бишкек менен Ош. Мындан тышкары облустук, райондук деңгээлдеги отуздан ашуун шаар катталган. (BCh)

Дагы караңыз

Балбак Түлөбаев "Бишкекжарыкка" байланыштуу сотко кайрыларын билдирди9-февралга карата аба ырайы тууралуу маалыматПрезидент менен премьер кризисти талкуулаштыАлайда өз жанын кыйды деген келиндин апасы милицияга кайрылды