Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:45

Балбак Түлөбаев "Бишкекжарыкка" байланыштуу сотко кайрыларын билдирди


Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасынын ишине байланыштуу анын дарегине айтылган сөздөр боюнча сотко кайрылат. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-февралда шаардык кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Депутат Канатбек Музуралиев жыйында сүйлөп жатып аны кененирээк маалымат берүүгө чакырган:

“Жада калса презентацияңызда “Бишкекжарык” жок. “Бишкекжарыкты” кечээ Али Токтакунов чыгарып жатат канча деген миллиондорду. Сизге да убагында ал киши “мен 60 миң доллар бергем” деп жазган”.

Түлөбаев Музуралиевге жооп берип, сотко кайрыларын айтты:

“Мага 60 миң доллар деп депутаттын оозунан чыгып жаткан үчүн мен сизди да, “Бишкекжарыкты” да сотко берейин деп ойлоп жатам. Балким экөөңөр далилдеп бересиңер, элдин көзүнчө айтканыңар үчүн”.

5-февралда иликтөөчү журналист Али Токтакунов “Балаты тендери. Тууганын байыткан чиновник” деген аталыштагы иликтөөсүн жарыялаган. Анда “Бишкекжарык” ишканасын Алимбек Абдылдаев жетектеп тургандагы жаңы жылдык балатыны кооздоо боюнча тендер талдоого алынган. Журналист “Фейсбуктагы" баракчасына “Биз муну коррупция, кызмат абалынан кыянат пайдалануу, деп эсептейбиз. Ал эми бийлик, Балбак Түлөбаев антип ойлобойт. Тескерисинче, ошол кызматына (Алимбек Абдылдаевди - ред.) кайра дайындайт”, деп жазган.

«Бишкекжарыкты» жетектеп турган А.Абдылдаев 2020-жылдын сентябрь айында мэрдин турак жай-коммуналдык маселелерди тейлеген орун басары болуп дайындалган. Октябрь окуяларынан кийин бул кызматтан алынып, ноябрда кайра барган.

А.Абдылдаев өзү же жактоочулары журналисттик иликтөөдө айтылгандар боюнча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG