Зулушев: Жээнбеков сотко күбө катары чакырылса барышы керек

Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев экс-президент Сооронбай Жээнбеков сотко күбө катары чакырылса, барышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-февралда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып айтты.

Башкы көзөмөл мекемесинин жетекчиси белгилегендей, эгер Жээнбеков айыпталып чакырылса, башка маселе, ал эми күбө катары чакырылып жатса барып, көрсөтмөсүн бергени туура болот:

“Эгер ошондой зарыл талап болсо барып, көрсөтмө бериши керек. А жоопко тартуу, бул өзүнчө маселе, себеби статус бар. Ал эми күбө катары чакырылса, ким болбосун, сотко барып көрсөтмө бериши керек. Күбө катары барбай коюуга эч кимде укук жок, эгер патриот жаран болсо. Эгер аны күнөөлөп жатса, башка. А күбө катары болсо, эгер ошол берилген көрсөтмө менен кылмышка чекит коюлуп же баа бериле турган болсо, менимче, барышы керек”.

2017-жылы алты жылга президент болуп шайланган Жээнбеков кызматын мөөнөтүнөн мурда, үч жылдан кийин, 2020-жылдын октябрында парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда тапшырып берген.

Ал “мыйзамсыз боюу” боюнча соттолгон мурдагы биринчи вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин ишине байланыштуу сотко күбө катары чакырылып жатат.

Экс-президенттин адвокаты Жыргалбек Бабаев Жээнбеков сотко барууга милдеттүү эмес экенин билдирип, Зилалиев өз ишине саясий өңүт берүүгө аракет кылып жатканын айткан. Зилалиевдин адвокаты Жээнбеков сотко жүйөлүү себеп менен чакырылганын билдирген. (RK/TSh)

Дагы караңыз

Зулушев: Тартип комиссиясы уруксат берсе Калиева боюнча тергөө уланат Акаевдин тушунда байыган Жумалиев камалдыЗулушев: Былтыр оор кылмыштардын саны көбөйдүСаакашвили: Жапаров эски жолго түшпөйт деп ишенем   «Кыргыз үмүтү» Жээнбековго каршы арыз жаздыСтамалиева: Жээнбеков умрага кетти, Бишкекке он күндөн кийин кайтып келет Сооронбай Жээнбековду жоопко тартуу тууралуу арыз УКМК менен ИИМге жиберилдиЖээнбековдун адвокаты: Экс-президент сотко барууга милдеттүү эмесАдвокат: Жээнбеков Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылды