УКМК кызматкерлерине үй куруу үчүн 581 миллион сомго тендер жарыялады

Бишкектеги курулуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кызматкерлерине Бишкек шаарына турак жай салуу үчүн 580 миллион 935 миң сомго сынак жарыялады. Бул тууралуу кабар мамлекеттик сатып алуу порталына чыкты.

Порталдын сайтындагы маалыматка ылайык, кызматкерлерге Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисине тогуз кабаттуу алты үй курулганы жатат.

Тендердин талаптары боюнча турак жай бардык шарттары менен болушу керек.

2-февралда жарыяланган сынакка документ берүү 25-февралда аяктайт. Тендерди уткан ишкана курулуш иштерин 2022-жылдын август айына чейин бүтүрүп бериши зарыл. (BTo)

Дагы караңыз

«Кыргыз үмүтү» Жээнбековго каршы арыз жаздыОлимпиадага жол: балбан Атабектин кыялыӨкмөттүн жаңы курамына сын жана бааКылмыш иши козголгон өкмөт башчыларКедерине кеткен кыргыз энергетикасы