Журналист Ыдырыс Исаков УКМКнын башкы кеңсесине суракка чакырылды

Ыдырыс Исаков.

Ош шаарында жашаган иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкектеги борбордук кеңсесине суракка чакырылды. Бул тууралуу ал «Азаттык» радиосуна 1-февралда билдирди:

«Эртең саат жетиге барып калышым керек экен. Бул катты мага УКМКнын Оштогу башкармалыгы 14:00дө берди. Кайсы иш боюнча экенин айтышкан жок. Бул жерде «Эгер барбасаңыз ЖПКнын 121-беренесинин негизинде мажбурлап алып баруу чарасы колдонулат» деп жазылып турат. Мажбурласа мажбурлап алып барсын. Бишкекке баргыдай акчам жок, азыр».

Буга чейин Ыдырыс Исаков УКМКнын Ош шаарындагы бөлүмүнө күбө катары 27-январга суракка чакырылган. Мурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) Ош облустук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Айбек Токоевдин иши боюнча күбө катары чакырылганы кабарланган. Исаковдун айтымында, анда чакыруу телефон аркылуу болгон жана сурак болгон эмес.

Дагы караңыз «Мыйзамсыз баюу»: Кармалган аткаминерлер

Журналист буга чейин Айбек Токоевге жана анын жакындарына таандык деген мүлк тууралуу иликтөө жасаган. Иликтөө коомчулукта талкуу жараткан.

УКМК Токоевге карата кылмыш ишин козгогону 19-январда белгилүү болгон. (MrA)

Дагы караңыз

УКМК Финполдун башкармалыгынын жетекчиси кармалганын билдирдиМьянмада аскердик төңкөрүш болдуОрусиядагы ур-токмок менен коштолгон каяшаАкматжанова: Системалуу жемкорлук - өтүшүп кеткен дартӨкмөт: Коронавирустун «үчүнчү толкуну» болушу мүмкүн