Ош облусунун прокуратурасынын прокурору Улукбек Өмүрзаков бул органдан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 1-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, көмүр кениндеги рейдерликке шектүү катары кармалган Өмүрзаковдун жана башка адамдардын бөгөт чарасы 30-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.
Тергөөгө көмөктөшкөнү жана 20 миллион сомдук зыянды мамлекетке кайтарып бергени үчүн Улукбек Өмүрзаковдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды.
Өмүрзаков былтыр ноябрда Ош облусундагы «Жол чырак» көмүр кениндеги рейдерликке шектүү катары кармалган. Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камалган.
Буга чейин Оштогу таасирдүү үй-бүлө болуп саналган Өмүрзаковдордун туура эмес аракеттери боюнча даттангандар болгон.
Улукбек Өмүрзаков мурда мындай дооматты каралоо деп эсептеген. Ал - ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси. (NT)
Дагы караңыз
ТИМ: Виза үчүн Казакстанга барчулардан негизсиз акы алган ортомчулар чыгып жататПарламенттин көпчүлүк коалициясы өкмөт башчынын талапкерлигин карайтТүркиянын «Маариф» фонду биринчи мектебин Бишкекте ачатАкылбек Жапаров: Жогорку Кеңештин депутаттары айлык алып жатышатПрокурор Өмүрзаков өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулду