Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков УКМКга суракка чакырылды

Ыдырыс Исаков, иликтөөчү журналист.

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош шаарындагы бөлүмү күбө катары 27-январга суракка чакырганын «Азаттык» радиосуна билдирди:

«Өзүн УКМКданбыз деп тааныштырып, 2-3 күндөн бери чалып жатышат. Айылда элем, бүгүн да байланышты. Айылдан азыр келдим, эми барам».

Журналисттин айтымында, аны мекеме Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) Ош облустук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Айбек Токоевдин иши боюнча күбө катары чакырган.

«Азаттык» УКМКнын басма сөз кызматына кайрылып, бул тууралуу расмий маалымат сурады, азырынча жооп боло элек.

Ыдырыс Исаков буга чейин Айбек Токоевдики жана анын жакындарыныкы деген мүлк тууралуу иликтөө жасаган. Иликтөө коомчулукта бир топ талкууга алынган. УКМК Токоевге карата кылмыш ишин козгогону 19-январда белгилүү болгон.

Дагы караңыз «Мыйзамсыз баюу»: Кармалган аткаминерлер

Атайын кызмат тараткан кабарда кармалган жетекчи 2014-жылдан бери Бишкек жана Ош шаарларынан 15 кыймылсыз мүлк сатып алып, жакындарына каттатканы белгиленген. Андан тышкары Ош шаарындагы 13 кабаттуу үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куюучу жайлардын курулушуна ири суммада инвестиция салганы жазылган. Токоевдин жакындары же адвокаты комментарий бере элек. (MrA)

Дагы караңыз

УКМК Финполдун башкармалыгынын жетекчиси кармалганын билдирди