Адвокат: Сегизбаевдин камалышы мыйзамсыз

Кантемир Турдалиев, жактоочу.

Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин камалышын анын адвокаты Кантемир Турдалиев мыйзамсыз деп билдирди:

«Абдил Сегизбаев суракка менин катышуумсуз кирген. Анткени аны суракка күбө катары чакырышкан. Мындай жагдайда адвокаты жок эле катыша берсе болот. Андан кийин «адвокат келсин» деп мени чакырышты. Мен келген учурда мага шектүү катары чыгарган протоколду көрсөтүштү. Иштин жагдайлары менен таанышайын десем, мага бир да кагаз беришкен жок. Тергөөдө мыйзамсыз иштер болгон. Биз прокуратурага же сотко кайрылабыз».

Турдалиев кошумчалагандай, Сегизбаевдин бөгөт чарасы бүгүн 27-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралышы ыктымал.

Ушул тапта Сегизбаев Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына кармалып турат. Мекеменин алдына келген Абдил Сегизбаевдин аялы Айнура Сегизбаева күйөөсүнүн саламаттыгына кабатыр болуп жатканын белгиледи:

«Абалы кандай экенинен кабар ала албай жатабыз. Адвокатты да киргизбей жатат. Убактылуу кармоочу жайдын ичи сыз жер экен. Жылуу кийимдерин алып келгем. «Сегизбаевди ичинен кокустап коёт экен» деген имиштерди угуп алып кабатыр болуп жатам».

26-январда Башкы прокуратура УКМК менен Аскер прокуратурасынын биргелешкен иликтөөсүндө Сегизбаевдин күнөөлүү экени тууралуу далилдер табылганын маалымдаган. Ал Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Дагы караңыз Сегизбаевди абакка сүйрөгөн «Белизгейт»

Башкы көзөмөл органынын билдирүүсүнө караганда, 14-январда «Белизгейт иши» боюнча мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов жана башка адамдардын кайрылуусу менен иш Жазык кодексинин 320-беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүүгө алынган. (MiK)

Дагы караңыз

10-премьерге кылмыш иши козголду Жогорку сотто Аида Салянованын лицензия боюнча иши каралатСуваналиев: Курсан Асановдун камалышы мыйзамсызМатраимовдун иши боюнча алгачкы сот отуруму 9-февралга белгиленди