Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев билдирди. Анын айтымында 2020-жылдын 5-6-октябрындагы тополоңдо ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов мамлекеттин жана элдин коопсуздугун сактап калган адамдардын бири болгон.
«Ал күндөрү Курсан Асанов мыйзамды бузган эмес. Тополоңдо расмий бийлик жок болуп калды. Ички иштер министрлигинин жетекчилиги качып кеткен. Топтолгон эл түрмөдө жаткандарды чыгара баштады. Биз ошону токтотконго аракет кылдык. Легитимдүү бийликтен кабар жок болуп калды. Мен Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары катары күч түзүмдөрүн координация кылууга укугум бар эле. Ошол кезде милицияга дем бериш керек болчу. Курсан Асанов теледен чыгып, күч органдарына кайрылып жатты. Башаламандык учурунда бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салыш үчүн Курсан Асанов баш болгон милициянын отставкадагы генералдарын, полковниктерин Ички иштер министрлигине жөнөткөнбүз. Курсан Асанов толопоңдо мамлекеттин коопсуздугун сактап калгандардын бири болгон. Анын камалышын мыйзамсыз деп эсептейм».
26-январда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган. Ал Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталууда.
Ал мурда 2020-жылдын 5-9-октябрындагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 10-октябрда эки айга камакка алынып, 4-ноябрда кайра үй камагына чыгарылган.
Курсан Асанов 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого талапкер катары катышып, жалпы шайлоочулардын 0,5% добушун алган. Кийинчерээк ал шайлоонун жана мамлекетти башкаруу системасын аныктаган референдумдун жыйынтыгына макул эмес экенин билдирген.
Асановдун жубайы ири өлчөмдөгү алдамчылыкка байланыштуу шек саналып, 11-январда суракка чакырылган. Сурак маалында инсульт алып, ооруканага түшкөнү кабарланган. (MiK)