Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармады. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады. Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталууда.
«Курсан Асановду бүгүн кармап, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу изоляторуна алып кетишти», - деди адвокат.
ИИМдин басма сөз кызматы Курсан Асановдун кармалганы тууралуу маалыматты «Азаттыкка» бышыктады.
Ал мурда 2020-жылдын 5-9-октябрындагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 10-октябрда эки айга камакка алынып, 4-ноябрда кайра үй камагына чыгарылган.
Курсан Асанов 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого талапкер катары катышып, жалпы шайлоочулардын 0,5% добушун алган. Кийинчерээк ал шайлоонун жана мамлекетти башкаруу системасын аныктаган референдумдун жыйынтыгына макул эмес экенин билдирген.
Асановдун жубайы ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шек саналып, 11-январда суракка чакырылган. Сурак маалында инсульт алып, ооруканага түшкөнү кабарланган. (BCh)