Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:09

Рахмон Тажикстанда коронавирус жок экенин жарыялады


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 26-январда парламентке кайрылуусунда өлкө коронавирустун кутулганын жарыялады. Ал өткөн айда Тажикстанда коронавирус катталбаганын кошумчалады. Анткен менен Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдан бери вирус бир нече адамдан табылганын жакында эле билдирген.

Рахмон чет жактан келгендердин баары карантинде болушу зарыл экенин да билдирди.

Тажик бийлиги маалымдагандай, мечиттер санитардык эрежелерди сактаган шартта 1-февралдан тартып ачылат. Коңшу мамлекетте гигиеналык эрежелер өзгөчө базарларда жана коомдук транспортто сакталбайт.

Тажикстанда пандемия башталгандан бери коронавирус 13 миңден көп адамдан табылган. Расмий маалыматтарга караганда 90 киши көз жумган.

«Азаттыктын» тажик кызматы былтыр жайында жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, коронавирустан өлгөндөрдүн саны расмий кабарлангандан кыйла көп болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG