29-январда Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык коллежинин салтанаттуу жыйындар залында белгилүү обончу, маркум Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата бул окуу жайынын студенттеринин арасында «Ырдын пири - Рыспай» аттуу сынактын финалы болот.
Конкурс эки бөлүктөн турат.
1-бөлүктө студенттердин арасында обончунун ырларын аткаруу боюнча жарыш өтсө, 2-бөлүктө мугалимдер да ыр майрам тартуулашат. Андан соң конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар ыйгарылат.
Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган окуу жайынын директору Түмөнбай Колдошов маалымдады.
Буга чейин 23-январда сынактын тандоо туру өтүп, 25-катышуучунун ичинен 15 студент жана бир хор кийинки баскычка өткөн.
Рыспай Абдыкадыров - кыргыз музыкасына зор салым кошкон композитор. Ал 1941-жылы 12-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген.
Ал 1963-жылы Ош педагогикалык факультетин бүтүргөн. Өзүнүн эмгек жолун Кара-Кулжа элдик театрында, андан соң Жалал-Абад театрында эмгектенүү менен баштаган.
1994-жылы 12-сентябрда көпкө созулган оорунун айынан көз жумган. (MJ)
Дагы караңыз
Аида Исмаилова: Коронавирус күчөгөн кезде ката кетирдик деп ойлобоймКонституциялык кеңешме: Долбоорго сөз эркиндигин коргогон жоболор кирдиКонституциялык кеңешме: Жогорку Кеңешке 90 мандат берүү сунушталды27-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат