Кыргызстанга учкандар коронавируска тест тапшырат

Пандемия башталганда Москвадан Кыргызстанга агылган мигранттар, май, 2020-жыл

23-январдан тартып Кыргызстанга учак менен келгендерден коронавирустан таза экенин тастыктаган тест талап кылына баштады. 

Орусияда иштеген мигранттар жаңы талап тууралуу кабар жетпей, айрымдары уча албай калганына арызданып жатышат.

24-январга караган күнү Москвадан Бишкекке жакындарын учура албай бушайман болгон жигит:

«Балдарым менен энемди жөнөтмөкмүн. Аэропортко келсек тесттин жыйынтыгын сурашты. Балдарга кереги жок экен. Эки сааттан кийин учак кетет. Билет сатып алганда муну айтышкан эмес», - деди.

Чет өлкөдөн Кыргызстанга аба каттамдары менен учуп келе тургандардан – чет элдиктер менен кошо кыргыз жарандарынан 23-январдан тартып коронавируска тапшырылган тесттин жыйынтыгы талап кылына баштары өткөн жумада маалым болгон. Мындай анализ акыркы 72 саат ичинде жасалган болушу шарт.

Саламаттык сактоо министрлиги мындай чечим 13-январда кабыл алынганын билдирген.

Өкмөт жаңы эрежени коронавирус инфекциясынын жаңы түрлөрүнүн Кыргызстанга кирүүсүнүн алдын-алуу максатында кабыл алган.

Орусияга келип-кетип иштеп жүргөн айрым кыргызстандыктар мындай жаңы талап тууралуу кеч кабар берилгенине, COVID-19га тест тапшыруу кошумча түйшүк болгонуна нааразы.

Дагы караңыз COVID-19: Кыргызстан жаңы эреже киргизди

Москвадагы коомдук ишмер Азамат Адылгазиев соңку эки күндө колунда COVID-19 тести болбогондуктан, аэропортто учакка отургузулбагандар болгонун айтты:

"Кечээ уча албай калгандар болду. Аэропортко атайын барып, тактап келдик. Тест 72 сааттын ичинде тапшырылып, Кыргызстанга жеткенде мөөнөтү жарактуу болушу керек экен. Москвада COVID-19 тестин медициналык клиникаларда жана кээ бир аэропорттодо тапшырууга болот. Акысы 700 рублдан 3000 миң рублга чейин жетет. «Шереметьево», «Внуково», «Домодедово» аэропортторунда тест тапшырууга болот, «Жуковский» аэропортунда ага шарт жок. Акчаны банк карточкасы менен гана төлөөгө болот".

Ошол эле кезде аэропорттордо тест тапшырууну каалагандардын көптүгүнөн кеминде 3-4 саат мурда келип кезекке туруп, же үй-бүлөсү жана балдары менен учкандар бир күн мурда анализ тапшырышы керек.

Москвадагы кыргыз элчилиги, май, 2020-жыл

Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова Кыргызстанга жакын арада уча турган жарандарга жаңы талаптар тууралуу элчиликтин веб-сайты жана социалдык тармактар аркылуу кабарланганын белгиледи.

"21-январдан тартып элчиликтин сайты жана социалдык тармактар аркылуу Кыргызстанга келе жаткандар ПЧР тестин тапшырышы керектигин, алгоритм өзгөргөнүн кабарлаганбыз. Толук маалымат берилген".

Элчиликтин билдирүүсү боюнча тест чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринен, эл аралык жүк ташуучу жана эл аралык жүргүнчүлөрдүн такай каттамдарын ишке ашырган айдоочулардан, мектеп жашына жете элек балдардан талап кылынбайт.

Дагы караңыз

Миграция: депутаттын талаштуу сунушуЖасалма «негиздеме» мигранттарды кыйнады

Кыргызстанга жеткенде адамдар санитардык-карантиндик пункттарда тиешелүү текшерүүлөрдөн өтүшөт.

Буга чейин Кыргызстандын аймагына коңшу өлкөлөрдөн автомашина менен киргендер коронавируска тест өткөнү тууралуу кагазын көрсөтүшү керек болчу. Илдеттин белгилери байкалгандар ооруканага, ал эми алар менен контакт болгондор обочолонууга жөнөтүлөт.