Кочкордо аялдын өлүмү боюнча иликтөө башталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кочкор районунда өлтүрүлгөн 23 жаштагы аял Сокулук районунун тургуну экени аныкталды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» кабарлады. Маалыматка караганда 23-январда Кочкор районунун Тынай-Булак кыштоосундагы үйлөрдүн биринен аялдын сөөгү табылган.

Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен сотко чейинки тергөө башталды.

Статистикалык комитеттин маалыматына караганда аялдарга карата кылмыш кылгандардын басымдуу бөлүгүн эркектер түзөт. Буга чейин 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнү айтылып келген. Жыл башынан бери бир нече аял зомбулуктун курмандыгы болду. (TSh)

Дагы караңыз

Вице-спикер Касымалиева: кылмышкер жазаланмайынча зомбулук азайбайтШайланган президент Жапаров алгач Орусияга баратЖол чарба кызматынын директору мыйзамсыз байыды деп айыпталуудаЖЭБ иши боюнча сот 1-февралга жылды