Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:29

Вице-спикер Касымалиева: кылмышкер жазаланмайынча зомбулук азайбайт


Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева мончодогу зордуктоо тууралуу тасмага байланыштуу пикирин билдирип, жыныстык зомбулук, педофилия Кыргызстанда да көйгөйлүү маселе болуп жатканын билдирди. Ал бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Кечээки үрөй учурган окуя бизде болбоптур, бирок балдарга, өспүрүмдөргө жана аялдарга карата зомбулук өлкөдө өтө күчөгөн. Анын ичинде жыныстык зомбулук, педофилия көп. Себептери ар тараптуу. Чечүүчү жолдору да комплекстүү, коом катары бирге гана чече алабыз. Парламентте ушул багытка көп көңүл бургандыгыма байланыштуу бир тыянакты айтып койсом. Кылмышкер тийиштүү жазасын алмайынча, бул маселени биз чече албайбыз», деди вице-спикер.

Касымалиева милициянын статистикасына таянып, 2020-жылы зомбулук боюнча 9025 иш катталса, анын 944 гана сотко жеткенин айтты. Буга тосмо арыздар жана иштин жакшы териштирилбегени себеп болууда.

Өткөн жумада парламент үй-бүлөлүк зомбулуктун жазасын күчөткөн мыйзам долбоорун экинчи окуудан өткөрдү. Анда тосмо арыз деген сыяктуу кылмышты жеңилдеткен жагдайлар алынып ташталган.

23-январда Интернетте мончодо белгисиз эркек болжол менен өспүрүм баланы күчкө салып зордуктап жатканы тартылган видео тараган. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) мончодо зордукталган балага байланыштуу окуя эки-үч жыл мурун Кыргызстандан сыртта болгонун, кылмышка шектүү адам изделип жатканын маалымдады. Министрликтин басма сөз кызматы 24-январдагы билдирүүсүндө чагымга алдырбоого жана такталбаган маалыматты таратпоого чакырды. (TSh)

XS
SM
MD
LG