Башкы пульмонолог мекеме аралык комиссиянын иликтөөсүнө макул эмес

Бишкекте коронавирустан жакындары каза болгондор пикетке чыгышты. 25-январь, 2021-жыл.

Өлкөнүн башкы пульмонологу Талантбек Сооронбаев коронавирустун кесепеттерин иликтеген мекеме аралык комиссиянын жыйынтыгына макул эмес. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» айтты.

«COVID-19 күчөп турган учурдагы абалды иликтөөгө мен да кызыкчылыгым бар. Бирок анын курамына кирген адамдардын кесипкөйлүгүндө күмөнүм бар. Себеби алардын бирөө да коронавирус күчөп турганда кызыл зонага кирип иштеген эмес. Менин сөзүмдү Кыргызстандагы миңдеген дарыгерлер тастыктайт. Азыр эми күнөөнү дарыгерлерден издөө туура эмес. Ушул комиссиянын курамына кирип, изилдөөсүнө катышалы деп бир нече ирет вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиевага кайрылдым. Бирок ал менин кайрылуумду кабыл алган жок», - деди Сооронбаев.

Коронавирус учурундагы мыйзам бузуу фактылары боюнча 14 кылмыш иши козголгон. Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 15-сентябрда камакка алынып, январда үй камагына чыккан.

Мекеме аралык комиссия керектүү дары-дармектердин баасы көтөрүлүп, өлүм-житимдин саны жашырылганын, туура эмес дарылоо фактылары болгонун 22-январда жарыялады. (BCh)

Дагы караңыз

ИИМ: Мончодогу зомбулук Кыргызстанда болгон эмесКоронавирустан бир адам каза болуп, 71 кишиге жукту Кара-Кече көмүр кенинде тараза өрттөнүп кеттиӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди