Бүгүн, 23-январда Бишкекте орусиялык оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйга колдоо көрсөткөн акция болуп өттү.
Өзүн Дмитрий деп тааныштырган адам Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына барганын, колундагы ураан-жазуулардын бирин милиция алып койгонун Current Time Asia телеканалынын кабарчыларына айтып берди:
"Навальный туура сүйлөп, туура иш кылып жатат деп эсептейм. Кыргызстан Орусиядан көз каранды эмес болушу керек. Аны бошотуу талабы коюлган акциялар бүгүн бүткүл Орусияда өтүп жатат".
Навальный “Ив Роше” деп аталган иш боюнча быйыл 17-январда Москвада бир айга камакка алынган. Учурда оппозиционер Москвадагы «Матросская тишина» аттуу тергөө абагында кармалып турат.
Аны колдоо акциялары 23-январда Орусияда бери дегенде 65 шаарда өтөрү айтылган. Көптөгөн шаарларда калайык нааразылык жыйындарга чыгууда. Жалпы Орусия Федерациясы боюнча жүздөгөн кишилер полиция тарабынан кармалгандыгы маалымдалууда. (ShT/RK)
Дагы караңыз
Орусияда бийликке каршы эң ири нааразылык жыйындары өттүОрусияда оппозиционер саясатчы Навальныйдын тарапкерлеринин акциялары өтүүдөБишкек-Екатеринбург учагы кайтып конууга мажбур болдуАртем Новиков: Пенсия жана жөлөкпул өз маалында төлөнүп жататCOVID-19: Кыргызстан жаңы эреже киргизди