Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:53

Бишкек-Екатеринбург учагы кайтып конууга мажбур болду


"Манас" аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
"Манас" аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 23-январда Бишкектин “Манас” аэропортунан Орусиянын Екатеринбург шаары көздөй жолго чыккан учак бир аздан кийин кайра келип конууга мажбур болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жарандык авиация агенттигинин бөлүм башчысы Алымбай Абакировдун айтымында, «Уральские авиалинии» авиакомпаниясынын Airbus 320 учагы абага саат 14:00дө көтөрүлгөн. 12 мүнөттөн кийин учкучтар кабинада түтүн чыга баштаганын байкап, кайра «Манас» аэропортуна кайтуу тууралуу чечим кабыл алышкан.

Адамдардан эч ким жабыркаган жок. Окуянын чоо-жайы териштирилип жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG