«Pfizer» вакцинасын сакташ үчүн USAID Кыргызстанга муздаткыч алып берет

Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) «Pfizer/BioNTech» вакцинасын сакташ үчүн Кыргызстанга муздаткыч алып берет. Бул тууралуу 21-январда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айтты.

«Биринчи бизге 15 миң доза берилери айтылган. Азыркы кездеги сүйлөшүлөр боюнча 1 миллион 200 миң дозаны 1-июнга чейин берет. Ага чейин USAID муздаткычтарды алып берет», - деди министр.

Министрдин маалыматына USAID уюмунун Бишкектеги кеңсеси комментарий бере элек.

Глобалдык COVAX альянсынын алкагында коронавируска каршы күрөш үчүн «Pfizer/BioNTech» вакцинасы Кыргызстанга акысыз сунушталган. Бирок кыргыз өкмөтү аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жок экенин билдирген.

Министрдин айтымында, -18 градуска чейинки температурада сакталчу Орусиянын "Спутник-V" вакцинасын алууга да Москвага кат жиберилди. Кремль уруксат берер замат Орусиядан эмдөөчү дарылар келиши мүмкүн.

Бейшеналиев Орусиянын вакцинасы сатып алынарын, Финансы министрлиги акча бөлүп берүүгө даяр экенин кошумчалады.

21-январдагы расмий эсеп боюнча Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жуккандардын саны 83585 кишиге жетти. Алардын 79 509у сакайып, 1394ү каза тапты. Күнүгө 150-160 адамдан коронавирус табылууда.

Америкалык-германиялык «Pfizer/Biotech» вакцинасын коронавируска каршы эмдөө үчүн колдонууга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму алгачкылардан болуп уруксат берген. (SE)

Башка кабарлар

Ирактагы жардыруудан жети киши мерт болдуСот Дамир Мусакеевди үй камагына чыгардыЕвропарламент Орусиянын «Түндүк агым - 2» газ куруунун курулушун токтотууну талап кылатБШКнын эки мүчөсү шайлоонун легитимдүүлүгүнөн шек санадыБлинкен Иран жана Навальный тууралуу пикирин айттыЖети талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилетКоронавирус жуккандардын көбү Чүйдө жана Бишкекте катталдыШайланган президенттин инаугурациясын өткөрүүгө 10 миллион сом жумшалатАКШ Кыргызстандын жарандарына карата иммиграциялык чектөөнү жойду