Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:39

Шайланган президенттин инаугурациясын өткөрүүгө 10 миллион сом жумшалат


Нургазы Анаркулов.
Нургазы Анаркулов.

Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун инаугурациясын даярдоого жана өткөрүүгө бюджеттен 10 миллион сом жумшалат.

Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов 21-январда «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, инаугурацияны уюштуруу тобу ант берүү аземине сарпталуучу каражаттын суммасын бекитти.

«Канча киши чакырыларын, канча конок катышарын уюштуруу тобу карап чыгат. Пандемияга байланыштуу чаралар болот. Чакырылган коноктордун баары ПЧР анализ тапшырышы керек. Баарынын колунда маалымкаты болуш керек деп алдын-ала талап коюп атабыз. Филармонияда 1100 орун бар. Келген конокторду кандай жайгаштырабыз, баарын толтурабызбы же аралыкты сактап отургузабызбы - Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб менен кеңешип чечилет. Чет жактан кайсы конокторду чакырууну да уюштуруу тобу чечет. Мурдагыдай аткаминерлерди эмес, карапайым адамдарды көбүрөк чакыруу тууралуу сунуштар болуп атат», - деди Анаркулов.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январда жарыялаган добуш берүүнүн расмий жыйынтыгына ылайык, шайлоого келген элдин 79,20% добушун алган Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти болуп шайланды.

Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% гана катышты.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга дайындалып, аны менен кошо башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдум өттү.

БШКнын расмий жыйынтыгы боюнча референдумга келген элдин 81% президенттик башкаруу ыкмасын колдоду.

21-январда президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун жарлыгы менен инаугурацияны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлдү. (NT)

XS
SM
MD
LG