Кыргызстанда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жубайы Базаркүл Нурбаева каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 21-январда билдирди.
Маалыматта «Базаркүл Нурбаеванын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу ИИМдин коллегиясынын жетекчилиги, мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу жана ички жеке курамы милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевге, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат», деп жазылган.
61 жаштагы Базаркүл Нурбаеванын өлүмүнүн себеби жана качан, кайда коюлары кабарлана элек.
Молдомуса Конгантиев Ички иштер министрлигин 2008-2010-жылдарда жетектеген.
Дагы караңыз
АКШ Кыргызстандын жарандарына карата иммиграциялык чектөөнү жойдуОшто Самара Каримовага каршы акция өтүп жататСот Дамир Мусакеевди үй камагына чыгардыСурабалдиева «Pfizer» вакцинасынан баш тартуунун себебин түшүндүрдүСадыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Улуттук филармонияда өтөт