Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Ошто Самара Каримовага каршы акция өтүп жатат


Музыкалык окуу жайынын имаратынын алды.
Музыкалык окуу жайынын имаратынын алды.

21-январь күнү Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын эмгек жамааты Самара Каримованын директор болушуна каршы пикетке чыкты.

Окуу жайынын алдында уюштурулган акцияга жамааттын 50дөй өкүлү чыкты. Алар «Жамаат Самарага сатылбайт», «Ниязалынын жамааты Самарага каршы», «Самара директорлукка татыктуу эмес» деген плакаттарды көтөрүп турушат.

Каримова менен жамааттын тиреши 14-январда башталган. 19-январь күнү ырчы социалдык тармактардагы баракчаларына мурдагы директор Нурлан Каримов жана анын орун басары менен чогуу түшкөн видеотасманы жүктөдү. Анда мурдагы директор окуу жайынын документтерин мыйзам чегинде толугу менен өткөрүп бергенин айткан.

Ага чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Биринчи май райондук сотунун Каримовага байланышкан чечимине каршы апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылганын кабарлаган.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аталган музыкалык орто окуу жайынын директору болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук жокко чыгарылган. Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун айтып, Каримованы кызматтан алган.

Ырчы экс-министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы 13-январда белгилүү болду. 14-январда Каримова окуу жайына келип, бирок жамаат аны кабыл албай койгон. 15-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов Ошко келип, жамаатка жаңы жетекчини тааныштырганда да чыр-чатак чыгып, ага милиция аралашкан.

18-январь күнү кечки саат жети-сегиз чамасында Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайына ырчы Самара Каримова бир топ кишинин коштоосунда келип, иш бөлмөсүнө киргенине «Азаттыктын» кабарчысы күбө болгон.

Белгилүү ырчы Самара Каримованын акыркы аракеттери социалдык тармактарда да кызуу талкуу жаратууда. Алардын арасында ырчыны колдоп жаткандар да бар. (DU)

XS
SM
MD
LG