Кыргызстанда коронавирустан 93 медицина кызматкери көз жумду

Коронавирус күчөгөн маалда - 2020-жылдын жайында дарыгерлер убактылуу стационарларда да иштешкен. Сүрөт Караколдогу убактылуу стационардан тартылган.

Коронавирус пандемиясынан бери Кыргызстанда 93 медицина кызматкери көз жумду. Алардын 80и мамлекеттик ооруканаларда, 13ү менчик бейтапканаларда иштегендер экенин Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Көз жумгандардын арасында дарыгерлерден тартып, орто жана кенже кызматкерлерге чейин бар.

19-январдагы расмий эсеп боюнча, өлкөдө 4158 медкызматкер жумуш учурунда COVID-19 вирусун жугузуп алган. Алардын ичинен 4061и сакайган.

Кыргыз өкмөтү коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин арасынан 1137 кишиге 200 миң сомдон, илдеттен өлгөн 32 медицина кызматкеринин жакындарына миллион сомдон кенемте төлөп берди. Бул кенемте төлөө эрежеси өзгөргөнгө чейин берилген акча. Ал эми 11-январдан баштап ооруну жуктуруп алган медиктерге 75 миң сомдон, каза тапкан медкызматкерлердин жакындарына 2 миллион 800 миң сомдон төлөнөт. Кенемте жобосу өзгөргөнгө чейин документ тапшыргандарга кандай ыкмада берилери азырынча чечиле элек.

Иш учурунда коронавирус жугузуп алган медкызматкерлерге жана каза болуп калгандарынын жакындарына миллион сомдон кенемте төлөп берүүнү өкмөт коронавирус күчөгөн жаз айларында чечкен. Ал эми пневмония менен ооругандарга төлөм каралган эмес. (SE)

Дагы караңыз

Соңку бир суткада дагы 90 адамдан коронавирус табылды, үч бейтап көз жумдуӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиКоронавирус жуктуруп алган 1137 медкызматкер 200 миң сомдон кенемте алдыУКМК Финполдун башкармалыгынын жетекчиси кармалганын билдирди«Ош электр» ишканасынын үстүнөн териштирүү башталдыАдвокат: Мелис Аспеков көрсөтмө берүүдөн баш тартуудаКараколдо православдар чокундуруу майрамын белгиледи