Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чек арадан мыйзамсыз өтүү үчүн кызмат адамына пара берип жаткан жеринен чет өлкөлүк эки жаранды Мамлекеттик чек ара кызматы менен чогуу кармады.
Алар мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында кармалышты. Азырынча кармалгандар кайсы өлкөнүн жараны экени жашыруун.
Иликтөө иштеринин натыйжасында кармалган адамдардын бири Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерине К.А. аттуу жергиликтүү тургунду ортомчу кылып, коңшу мамлекеттин аймагына өткөрмө бекеттен тышкары жерден мыйзамсыз өтүп кетиш үчүн акча сунуш кылганы аныкталды.
Бул факт Жазык кодексинин 328-беренеси («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки териштирүү иши башталды.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.(ZKo)
Дагы караңыз
«Клооп» 210 шайлоо участогунун добуштарын жокко чыгарууга аракеттенетТашиев: 9-октябрдан кийин Бабанов менен жолуккан эмесминБердымухамедов элине мыя тундурмасын ичиретАКШнын Улуттук демократиялык институтунун өкүлчүлүгү КТРК менен кызматташтыгын токтоттуТүндүк Корея «эң кубаттуу курал-жарагын» көрсөттүКадамжайда шахтада жарылуу болуп, бир адам топурак алдында калдыБайден «Американы сактоо планы» үчүн 1,9 триллион доллар бөлүүнү сунуш кылдыКазакстандын Мажилисинин төрагалыгына Нурлан Нигматулин кайра шайландыИндонезияда жер титирөөдөн 30дан ашык адам набыт болду«Азаттык» менен Матраимовдордун соту 3-февралга жылды