Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:23

АКШнын Улуттук демократиялык институтунун өкүлчүлүгү КТРК менен кызматташтыгын токтотту


КТРКда 6-январда дебатка катышкан талапкерлер. У. Кочкоров, Б. Төлбаев, Б. Калмаматов, Ж. Байгуттиев, И. Ташов жана М. Арстанбек. Иллюстрациялык сүрөт.
КТРКда 6-январда дебатка катышкан талапкерлер. У. Кочкоров, Б. Төлбаев, Б. Калмаматов, Ж. Байгуттиев, И. Ташов жана М. Арстанбек. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Улуттук демократиялык институтунун (NDI) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү (УДИ-Кыргызстан) Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабековага ушундай мазмундагы кат менен кайрылган. Катта өкүлчүлүк 7-январдан тартып Коомдук телерадио корпорациясы (КТРК) менен кызматташтыгын токтотору жазылган. Буга президенттик шайлоого үгүт учурундагы талапкерлердин дебатын өткөрүүдө КТРКнын бейтараптык жана айкындуулук принцибин бузганы себеп катары көрсөтүлгөн. NDI катында ачык шайлоо үчүн Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жана башка маалымат каражаттары менен кызматташууну улантууга даяр экенин билдирген.

КТРКнын башкы директору Бактияр Алиев «Азаттыкка» NDI уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн дооматтарына макул эмес экенин билдирди:

«Тескерисинче алар дебаттарды уюштуруу иштерине кийлигишти. NDI коомдук телеканалдын дебаттарды өткөрүүгө катышкан 40 журналистине 6 миң доллар калем акы төлөп бермек. Бирок келишим бузулгандан кийин төлөп беришкен жок».

Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо өнөктүгүнүн алкагында талапкерлерге мамлекеттен каржыланган КТРКден жана ЭлТРден акысыз эфир убактысы берилген. Анын бир бөлүгүндө талапкерлер дебатка чыгышкан.

КТРКдан чыккан дебаттардын бири телеканалдын «YouTube» баракчасынан алынып салынганы коомчулуктун сынына кабылган. Коомчулуктун бир бөлүгү дебаттын алынып салынышын ага катышкан талапкер Абдил Сегизбаевдин Садыр Жапаровду сындап сүйлөгөнү менен байланыштырган.

Соцтармактарда 6-январдагы дебатта алып баруучулардын талапкерлерге суроо бергени сындалып, «парламентаризмге каршы, бийликти жактаган маанайдагы суроолор берилди» деген дооматтар айтылган.

КТРКда талапкерлердин дебаты эки айлампа менен уюштурулган. Шайлоодо утуп чыккан Садыр Жапаров экөөнө тең катышкан эмес. Президенттик кызмат үчүн 17 талапкер ат салышкан. (ErN/ZKo)

XS
SM
MD
LG