15-январь күнү түшкө жуук Кадамжай районунун аймагында №5 карьер тилкесинде жайгашкан көмүр шахтасында белгисиз себептерден улам жарылуу болуп, топурак кулаган. Натыйжада көмүр казып жаткан бир адап топурак алдында калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына ылайык топурак алдында калган адам Ош облусунун Ноокат районунун Додон айылынын тургуну экени аныкталды. Окуя болгон жерге ӨКМдин мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан тогуз куткаруучу жиберилди. Учурда издөө иштери жүрүп жатат.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү «Азаттыкка» радиосуна билдиргендей, аталган шахтадан көмүр казуу мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан.
Өткөн жыл ичинде Баткен облусунда көмүр шахталарында кырсыктан тогуз киши каза болгон. (JsA)
Дагы караңыз
Казакстандын Мажилисинин төрагалыгына Нурлан Нигматулин кайра шайландыАКШнын Улуттук демократиялык институтунун өкүлчүлүгү КТРК менен кызматташтыгын токтоттуФинпол ПЦР тесттердин жасалма жыйынтыгын даярдаган кылмыш тобун аныктадыИндонезияда жер титирөөдөн 30дан ашык адам набыт болдуТашиев: 9-октябрдан кийин Бабанов менен жолуккан эмесмин«Азаттык» менен Матраимовдордун соту 3-февралга жылдыБердымухамедов элине мыя тундурмасын ичиретМуфтият: Бир жылда имамдар 15 миңден ашык нике кыйдыБишкекте абанын булганышы кайрадан кооптуу чектен ашты