Чаңгы базасында кыйылган кырчын өмүр

Каракол. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок).

Караколдогу чаңгы базасында өспүрүмдүн өлүмүнүн чоо-жайы иликтенүүдө. Казакстандык 13 жаштагы өспүрүм 10-январда эс алууга барганда каза тапкан.

Баланын апасы чаңгы базасындагы коопсуздук маселеси каралбаганын айтып, жергиликтүү жетекчилерди чара көрүүгө чакырды. Күтүүсүз кырсык негизи эле лыжа базаларындагы коопсуздук маселесин көтөрдү.

Мадина Исламова азыр уулун жоготуп, кайгыга батып отурган кези. Ал Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда турат. Жаңы жылда 13 жаштагы баласы Санжарды ээрчитип, Токмокто жашаган ата-энесинин абалын билүү үчүн келген.

"Үй-бүлөбүз менен Нур-Султанда жашайбыз. Туугандарымдын баары Кыргызстанда турат. Жаңы жылда бир тууган агам бизге Нур-Султандан Бишкекке учакка билет сатып берип, эс алууга чакырган. 10-январда уулум агам менен Караколго кеткен, 12-январда каза болуп калды...".

Дагы караңыз «Тоо чаңгысы менен туристтерди тартcа болот»

Мадинанын айтымында, анын уулу Санжар скрипкада ойноп, сууда сүзүп, республикалык олимпиадаларда мыктылыгын көрсөтүп, мектептин алдында ачылган театрда ойногон активдүү бала болгон. Бала чаңгы тепкенди да жакшы көргөндүктөн таякеси менен эс алууга Караколго келген экен.

"Жалгыз эле балам эмес, агам дагы жараат алыптыр. Балам каза болордон 15 мүнөт мурун агам дагы тоодон түшүп келе жатып бак аралап кетип, башындагы шлеми экиге бөлүнүп кетиптир. Андан кийин эле менин балам да жан бериптир. Базанын жетекчилиги окуянын чоо-жайын түшүндүргөн жок, чалып ал-акыбалыбызды сурап, кетирген кемчилиги үчүн кечирим сураганга да жарабады. Базада жөнөкөй эле коопсуздук чаралары каралган эмес экен. Менин түшүнгөнум боюнча алар эс алуучулардан түшкөн акчаны эле санап отурат окшойт".

Мадинанын айтымында, “Каракол” чаңгы базасынын жетекчилиги эс алуучулардын коопсуздугуна тиешелүү көңүл бурган эмес.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун маалыматында 12-январда болгон окуяны милиция электрондук журналга каттап, тийиштүү экспертизаларды дайындаган.

"3400 метр бийиктикке көтөрүлүп, тоонун батыш тарабындагы лыжа трассасы менен ылдый түшүп бара жатып, 2700 бийиктиктеги бурулуштан бурула албай калып карагайды сүзүп алган. Өспүрүмдүн денесин алгачкы кароо учурунда анын буту жана моюну сынганы аныкталды. Өлүмдүн себептерин толук аныктоо үчүн экспертизалар дайындалган. Тергөө амалдары жүрүп жатат, экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин окуяга Жазык-просессуалдык кодекстин негизинде баа берилет".

Ал эми “Каракол” тоо лыжа базасынын администратору Татьяна Смирнова бул окуя бала өзүнүн жеке коопсуздугун сактай албаганынан келип чыкканын айтты:

"Лыжа спорттун кооптуу түрлөрүнүн катарында. Европа өлкөлөрүндөгү чаңгы базаларында деле биздегидей шарт түзүлгөн. Лыжа сүйүүчүлөр түшчү жолдор атайы маркер менен белгиленип, кооптуу жолдор жазылып, көрсөтүлүп турат. Мисалга, эң жеңил деп эсептелген балдарга ылайыктуу лыжа жолунда коопсуздук чаралары болушунча каралган, ал жерде жаңыдан чаңгыга туруп аткандар тебет. Тилекке каршы, лыжаны жакшы тепкенди билгени-билбегени деле оор трассалардан түшкүсү келип, жыйынтыгы ушундай болуп калат. Биз аларга бул жерден түшпө деп чектөө кое албайбыз, ар бир адамдын өз тандоосу бар. Бирок, бизде коопсуздук чаралары толук каралган".

Каракол тоо лыжа базасы 2006-жылдан бери иштеп жатат. "15 жылдан бери бул жайда адам өлүмү мене аяктаган бир дагы окуя катталган эмес" дейт базанын администрациясы. Бирок былтыр Орусиядан ата-энеси менен келген сегиз жаштагы кыз кар көчкүнүн алдында калып, каза тапкан. Ал лыжа тебүүгө ылайыгы жок, тапталбаган жер менен чаңгы тепкени тергөөдөн кийин айтылган болчу.

Дагы караңыз Кышкы туризм: ээнсиреген мейманканалар

Өлкөдө бир нече тоо чаңгы базалары бар. Анын ичинде “Каракол” тоо лыжа базасы дүйнөдөгү чет элдик туристтер кызыккан базалардын бири. 2020-жылдын январь айында "Каракол" чаңгы базасы КМШ өлкөлөрүндөгү мыкты ондукка киргенин “ТурСтат” туристтик порталы жазып чыккан. Анда бул база бешинчи орунда экени айтылган.

Британиялык «The Guardian» басылмасы 2021-жылы туристтерге саякат үчүн кооз жаратылышка ээ 12 мамлекеттин тизмесин сунуш кылды. 3-январда чыгарылган тизменин сап башында Кыргызстан турат, андан тышкары, Исландия, Өзбекстан, Азербайжан, Грузия, Украина жана башка мамлекеттер бар.

2020-жылы CNN телеканалы Кыргызстанды турист катары эс алууга ыңгайлуу 20 мамлекеттин катарына кошсо, Bloomberg экономикалык жаңылыктар агенттиги туристтер үчүн кызыктуу 24 өлкөнүн бири деп атаган.