Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) ыкчам аракеттенүү тобунун кызматкерлери Камчы Көлбаевге таандык деген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деген шек менен 31 жаштагы (аты-жөнү баш тамгалар менен белгиленген - Ш. А.) жаранды кармашты. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Жазык кодексинин 98-99-беренеси ("Кармоонун себептери" жана "Шектүүнү кармоо тартиби") боюнча аталган шектүү Бишкек ШИИБнин убактылуу камоочу жайына киргизилди.
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп шек саналган бул адам 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн.
Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.
Кыргызстанда акыркы айларда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалууда. Ошто жана Бишкекте криминалдык чөйрөнүн бир катар төбөлдөрү кармалган. Эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени айтылган Камчы Көлбаев уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында 22-октябрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 23-октябрдагы чечими менен ал тергөө бүткүчө камакка алынган. (ZKo)
Дагы караңыз
Эскирген таттуулар сакталган кампа жабылдыБШК добуштарды эсептөөнү улантуудаДиний баалуулуктарды камтыган партия түзүлдүКоронавирус 134 кишиден табылды, үч бейтап көз жумдуОтунбаева Садыр Жапаровду бардык күчтөрдүн башын бириктирүүгө чакырдыМуфтият: Бир жылда имамдар 15 миңден ашык нике кыйдыБишкекте абанын булганышы кайрадан кооптуу чектен аштыТунис эли «Араб жазын» шыктандырган элдик толкундоонун 10 жылдыгын белгиледиCOVID-19: Франция бүткүл өлкөдө коменданттык саат киргизүүдө«Фейсбук» кыргыз фейктеринин бир тобун «кырды» Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальныйды камай турганын билдирдиМесерич: Шайлоо өнөктүгү бир адамдын айланасында болду