Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:41

Месерич: Шайлоо өнөктүгү бир адамдын айланасында болду


Месерич: Референдумдун айланасында маселелер болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:05 0:00

Месерич: Референдумдун айланасында маселелер болду

Эл аралык байкоочулардын көзү менен Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана референдум кандай өттү? Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча кеңсесинин байкоочулар миссиясынын жетекчиси Тамаш Месерич “Азаттыкка” маек курду.

- ЕККУнун байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы президенттик шайлоо менен референдумга байланыштуу алдын ала тыянагын жарыялады. Анда өнөктүк учурундагы оң да, терс да көрүнүштөр белгиленген экен. Ошондо 10-январдагы шайлоонун кандай артыкчылыктары жана кемчиликтери болду?

- Биринчиден, мындай мүмкүнчүлүк үчүн рахмат. Баяндамабызды бир-эки сөз менен түшүндүрүп бер деп сурабаганыңыз үчүн да ыраазычылык. Анткени ал бир топ кыйын. Добуш берүүнү уюштуруу жана аны тескөө жараяны туура нукта кетти. Биз ушуну күткөнбүз. Себеби бул иш менен жакшы машыгуудан өткөн Борбордук шайлоо комиссиясы алектенди.

Мындан башка артыкчылыктарды айтсак, буга чейинки сунуштардын негизинде бир топ мыйзамдык ченемдер өзгөрдү. Алардын көбү бул шайлоого эмес, көбүнесе парламенттик шайлоого байланыштуу болчу.

Кантсе да шайлоонун жалпы архитектурасы боюнча айрым мыйзамдык боштуктар дале болсо өкүм сүрүп келет. Аларга эртеби-кечпи көңүл бурулушу керек. Анткен менен алардын бири да добуш берүүнүн ачык-айкындуулугуна же жыйынтыктын ишенимдүүлүгүнө шек келтирбейт. Мыйзамдык алкактан карасак, шайлоонун жалпы түзүлүшү жайында эле болду.

Бирок референдумга байланыштуу маселелер анчейин түшүнүктүү болгон жок. Биринчиси - референдумдун президенттик шайлоо менен бир күнгө же 10-январга коюлушуна жол ачкан мыйзамдык траектория. Мунун айланасында бир топ маселелер жаралды. Коюлган суроо боюнча эч кандай коомдук кеңешме өткөрүлгөн жок.

Бишкектин четиндеги Арашан айылындагы добуш саноо, 10-январь 2021-жыл.
Бишкектин четиндеги Арашан айылындагы добуш саноо, 10-январь 2021-жыл.

Мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум менен президенттик шайлоонун бир күнгө коюлушу – алдыда келе жаткан талапкер менен добушка коюлганын суроонун ортосунда күчтүү бир байланышты жаратып коёт. Мындай жагдай шайлоо өнөктүгүн чаташтырып салат. Колдон келсе эки жараян эки башка өткөрүлсө жакшы болмок. Бул биздин жеке пикирибиз эмес. Бул боюнча эл аралык тажрыйба жана Венеция комиссиясынын корутундусу да бар.

Ушул жагдай маселе жаратты. Анткени биз саясий система тууралуу элдин пикирин сурайлы десек, алар бир же эки талапкердин ураандарын айтып жатышты. Алардын жоопторун жалпысынан терең ойлонулган деп мүнөздөө кыйын.

- 4-октябрдагы парламенттик шайлоо административдик ресурс жана добуш сатып алуу көрүнүштөрү менен коштолгону белгилүү. Бул ирет жогорудагы маселелер байкалдыбы?

- Биз добуш сатып алуу аракеттери тууралуу айрым дооматтарды уктук. Бирок өтө олуттуу деңгээлде болгон жок. Андыктан биз аларды орчундуу айыптоо катары караган жокпуз. Административдик ресурс туура эмес колдонулганы тууралуу көбүрөөк дооматтар түштү. Биз бул маселени кеңири алкакта түшүнүбүз керек.

Кеп өкмөттүк же жергиликтүү бийликтин имараттарын колдонуу жөнүндө гана жүрүп жаткан жок. Буйрук берилгени үчүн мамлекеттик сектордун кызматкерлери кайсы бир талапкерлердин үгүт жыйындарына барганы тууралуу маалыматтарды биз маектешкен бир топ адамдар айтышты. Албетте, биздин ар бир билдирүүнү иликтеп чыгууга чама-чаркыбыз жетпейт.

Андыктан биз Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн жана биз баарлашкан адамдардын колуна тийген маалыматтарга таянабыз. Бирок булар олуттуу мамилеге кылууга татыган, ишеним жараткан жана улам кайталанган учурлардай көрүнөт. Биз бул маалыматтардын көбүнө байланыштуу БШКда даттануу процессинин аякташын дале күтүп жатабыз.

- Сиздер шайлоо өнөктүгүндө бир талапкер үстөмдүк кылганын, “талапкерлердин оюн талаасы бирдей болбогонун” өз баяндамаңыздарда белгиледиңиздер. Мындай жагдайды көбүнчө кайсы жерден байкадыңыздар жана анын себебин эмне менен байланыштырса болот?

- Себеби көп. Жөнөкөй байкоолордон баштайын. Талапкерлердин бири, мурдагы президенттин милдетин аткаруучу бардык жерден элдин көзүнө көрүнүп турганын шайлоо өнөктүгүнө байкоо салган ар бир адам айта алат. Ал өлкөнүн бардык аймактарына жете алган жалгыз талапкер болду. Калган талапкерлерге салыштырмалуу медиада байма-бай чагылдырылып жатты. Шайлоонун чыгымдары үчүн ачылган банктардын маалыматы боюнча, ал башка талапкерлерден көп каражат сарптады. Анда бул үгүт өнөктүгү үчүн чоң каражат болду. Мындан улам өнөктүк бир адамдын айланасында жүрдү.

- Элдин катышы тууралуу оюңузду сурагым келип жатат. Себеби бул Кыргызстандын эгемен тарыхындагы шайлоочулар эң аз катышкан шайлоо болуп калбадыбы. Элдин аз келгенин сиз эмне менен байланыштырасыз?

- Биз шайлоонун жыйынтыгын чечмелебейбиз. Эгер менин жеке оюмду сурасаңыз, анда буга чейинки суроонун жообу да бул суроого жооп боло алат деп ойлойм. Эгер өнөктүк бир тараптуу болсо, элде шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болгондой таасир жаралат. “Эгер ким жеңери белгилүү болсо, катышып эмне кыласың?” дешет. Жеке байкоолор жана саясат таануу илими көрсөткөндөй, эгер шайлоо өнөктүгүндө атаандаштык канчалык аз болсо, элдин катышы да ошончолук аз болот. Атаандаштык курч болсо, элдин шайлоого катышуусу жогору болот.

- Оппозициячыл талапкерлердин бири электрондук урналардагы бюллетендердин автоматташтырылган санагынан күмөн санады. Сиздердин байкоочулар бул урналарга байланыштуу кандайдыр бир маселелерди байкай алдыбы?

- Биз айрым техникалык мүчүлүштүктөрдү байкадык. Алар күтүлгөн эле мүчүлүштүктөр. Себеби шайлоо оор шартта – кышында өттү. Электрондук урналар үчүн имаратта кайсы бир даражада жылуу температура болушу керек экенин билебиз. Андыктан алардын айрымдары иштебей калганы күтүлгөн нерсе. Бирок биз бат эле эски урналар коюлганына күбө болдук. Биз мындай жагдайдын шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизгенин байкаган жокпуз. Анткени расмий жыйынтык кол санактан кийин гана жарыяланат эмеспи. Электрондук урналардыкы алдын ала гана жыйынтык.

- №2 форманын жокко чыгарылышы шайлоо өнөктүгү маалында кызуу талкууланганы белгилүү. Шайлоодо алдыга чыккан Садыр Жапаров бул форма жоюлушу көп кишилердин добуш бере албай калышына жол ачса да, шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө өбөлгө түзгөнүн айтты. №2 форманын жоюлушуна кандай баа бердиңиздер?

- Мыйзам чыгаруучуларга №2 форманын маселеси боюнча кандайдыр бир чечим чыгарууга туура келгенин түшүнсө болот. Себеби дал ушул маселе өткөн парламенттик шайлоодо чоң көйгөйгө айланбадыбы. Биз айрым добуш берүүчүлөргө бул шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берген башка мыйзамдык чечимдерди тапса болмок деп ойлойбуз. Катталган эмес, жашаган жеринен добуш берүү мүмкүнчүлүгүнүн жоюлушу менен 300 миңдей адамдын шайлоого катыша албай калганы – бул маселе. Бирок өткөн шайлоодон кийин мындай өзгөрүүнүн киргизилгенин түшүнсөк болот.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров добуш берген соң журналисттредин суроолоруна жооп берип жатат, Бишкек, 10-январь 2020-жыл.
Президенттикке талапкер Садыр Жапаров добуш берген соң журналисттредин суроолоруна жооп берип жатат, Бишкек, 10-январь 2020-жыл.

- Журналисттер тууралуу сөз кылсак. Себеби эл аралык байкоочулардын корутундусунда айрым журналисттерге карата физикалык жана оозеки чабуулдары тыкыр иликтенбегени, мындай жагдай кабарчылардын өзүн-өзү чектешине салым кошкону белгиленген экен. Бул канчалык кеңири жайылган маселе болду?

- Бул маселенин масштабын аныктоо кыйын. Эгер кийлигишүү болбосо, адамдар эмне кылмак деген суроого так жооп табуу кыйын. Журналисттер физикалык жана оозеки чабуулдар туш болгон окуялар мурдараак болгонун эскертип коюшубуз керек. Кеп журналисттерге басым жөнүндө гана эмес, адамдын кадыр-баркына шек келген учурда колдонулган мыйзамдык ченемдердин жана башка мыйзамдардын чечмелениши жөнүндө да болуп жатат. Себеби бул мыйзамдар сот процесстеринде өтө кеңири чечмеленип жатат. Мындай жагдай сынчыл көз караштагы жана иликтөөчү журналисттердин шаабайын суутуп коюп жатат. Бул маселе. Ал чечилиши керек.

- Баяндамаңыздарда журналисттерге өзүн-өзү чектөөгө же цензуралоого туура келип жатканы белгиленип жатпайбы. Мындай тыянак эмнеге негизделген? Журналисттер менен сүйлөштүңүздөрбү? Алар абал тууралуу эмне дешти?

- Биринчиден, Кыргызстандын медиа айдыңы абдан жигердүү экенин айтып койгум келет. Маселе биз күткөн милдеттерди аткара алган маалымат кажаттарынын тартыштыгында эмес. Кыргызстандын элинин оюн ачык билдире албаганында эмес. Кыргызстандыктар көп өлкөлөргө салыштырмалуу пикирин ачык, түз айта алышат.

Кеп ошол чектөөлөр же коркуулар журналисттер даярдап жаткан материалдардын жалпы сапатына таасирин тийгизгенинде. Булардын көбүн журналисттер ырастап беришти. Биз жоромолдоп койгон жокпуз. Бул боюнча медиа каражаттарынын бышыктоолору бар.

- Сиздер мамлекеттик каражаттардын баары президенттик башкаруу системасын алга сүрөгөнүн айттыңыздар. Андай болсо Кыргызстандагы шайлоочулар референдумга коюлган эки тандоонун күңгөй-тескейи боюнча канчалык толук кабардар боло алышты?

- Мындай шартта элдин толук маалыматка негизделген тандоосун камсыз кылуу өтө кыйын болмок. Мунун себеби маалымат каражаттарынын маселени кандай чагылдырганында гана эмес, референдум менен президенттик шайлоонун бир күндө өткөрүлгөнүндө. Бул жагдай шайлоочуларды чаташтырып коет.

Ооба, мамлекеттик маалымат каражаттары референдумга коюлган тандоонун бирөөнө же президенттик башкаруу системасына көбүрөөк ыктап турушту. Бул биздин гана байкоолор эмес. Буга байланыштуу БШКга да бир топ даттануулар келип түшкөн. Ал даттануулардын айрымдары дале так чечилген жок.

Жалал-Абаддагы добушкана, 10-январь 2020-жыл.
Жалал-Абаддагы добушкана, 10-январь 2020-жыл.

- Ошондо бүгүн сөз кылган мүчүлүштүктөр 10-январдагы шайлоонун жалпы жыйынтыгына канчалык таасирин тийгизди?

- Бул маселелердин айрымдары элдин шайлоого аз катышуусуна салым кошуп койгон болушу мүмкүн. Ошол эле учурда биз алдыңкы талапкер эл арасында орчундуу бир колдоого ээ экенин көрдүк. Андыктан шайлоонун жыйынтыгы туура эместей сезилип жатат дегенге болбойт. Албетте, биз сезимдерге баа бербейбиз.

Ошол эле учурда мен айткан маселелердин шайлоого чукул таасири болбошу мүмкүн. Анткени алар жалпысынан толук ишенимдүү бир шайлоо өткөрүүгө тоскоол болуучу жагдайларды же кандайдыр бир күтүүнү жаратып коет. Бул шайлоонун жыйынтыгы элдин ниетине жалпысынан шайкеш келди.

- Ошентип сиздер Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана референдум жакшы уюштурулганы менен бир топ маселелер чечилиши керек деп жатасыздар. Өлкөдөгү шайлоо процессин жакшыртуу үчүн эми эмне кылуу керек?

- Азырынча биздин миссиянын иши аягына чыга элек. Сунуштарды иштеп чыгып жатабыз. Алар биздин жыйынтыктоочу баяндамабызга камтылат. Ал баяндама 7-8 жуманын ичинде даяр болуп калат. Ага чейин анын мазмуну тууралуу сөз кылбай турайын. Албетте, биз белгилеген маселелерге байланыштуу сунуштар болот. Алардын айрымдарын түз мыйзамдык ченемдер менен жөнгө салса болот деп ойлойбуз.

- Тамаш Месерич мырза, маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG