БШК добуштарды эсептөөнү улантууда

Президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдумга берилген добуштарды автоматтык эсептөөчү үкөк. 10-январь, 2021-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоодо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумунда берилген добуштарды кол менен эсептөөнү улантууда. БШКнын маалыматына караганда, 15-январга карата чет өлкөдө жайгашкан беш шайлоо участогунан добуш бюллетендери келе элек.

Жалпысынан кол менен эсептөөдө шайлоого жана референдумга берилген добуштардын пайызы теңелип, 39,29% түздү. Ал эми добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөрдүн берген маалыматында шайлоого добуш бергендер 39,27%, ал эми референдумга добуш бергендер 39,43% түзгөн.

Боршайком маалымдагандай, кол менен эсептөөдө берилген добуштарда өзгөрүү болгон эмес. Референдумга берилген добуштардын 81,44% «президенттик башкаруу» үчүн, ал эми шайлоого берилген добуштардын 79,28% талапкер Садыр Жапаров үчүн деп берилген.

10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум өткөн. Мамлекет башчылыкка ат салышкан 17 талапкердин ичинен баштапкы маалыматтар боюнча Садыр Жапаров 79,22% добушка ээ болуп, атаандаштарынан кыйла озуп кеткен.

Ал эми мамлекеттик башкаруунун «президенттик» жана «парламенттик» формалары шайлоочулардын тандоосуна коюлган.

Октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанда бийлик алмашып, экс-президент Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда кызматынан кеткен. Анын ордунда 6-октябрь күнү массалык башаламандык учурунда тарапкерлери абактан бошоткон Садыр Жапаров 17-октябрь күнү президенттин милдетин аткарууну колуна алган. Жапаров 16-октябрда премьер-министр болуп дайындалган болчу. Бир айга чукул убактан соң, 14-ноябрда президенттик жарышка катышуу үчүн өкмөт башчылыкты биринчи вице-премьер министр Артем Новиковго, ал эми президенттин милдетин аткарууну Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго өткөрүп берген. (ZKo)

Дагы караңыз

Диний баалуулуктарды камтыган партия түзүлдүКоронавирус 134 кишиден табылды, үч бейтап көз жумдуОтунбаева Садыр Жапаровду бардык күчтөрдүн башын бириктирүүгө чакырдыМуфтият: Бир жылда имамдар 15 миңден ашык нике кыйдыБишкекте абанын булганышы кайрадан кооптуу чектен аштыТунис эли «Араб жазын» шыктандырган элдик толкундоонун 10 жылдыгын белгиледиCOVID-19: Франция бүткүл өлкөдө коменданттык саат киргизүүдө«Фейсбук» кыргыз фейктеринин бир тобун «кырды» Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальныйды камай турганын билдирдиМесерич: Шайлоо өнөктүгү бир адамдын айланасында болду