Индонезияда байыркы сүрөт табылганы кабарланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Археологдор Индонезиядагы үңкүрлөрдүн биринин дубалынан 45 500 жыл мурда тартылган сүрөттү табышканын билдиришти. 13-январда «Science Advances» журналында жарыяланган макалада жазылгандай, Сулавеси аралынын алыскы өрөөнүндө табылган сүрөттө жапайы чочко тартылган.

«Бул сүрөттү тарткан адамдар заманбап болушкан жана аларда биздикиндей эле сүрөт тартуу жабдыктары болгон», - дейт Австралиядагы Гриффит университетинин илимпозу Максим Оберт.

Бул сүрөт - адам тапкан эң байыркы искусство эмес. Түштүк Африкада 73 000 жыл мурда табылган сүрөт эң байыркы болуп саналат.

Дагы караңыз

АКШ Кытайдын Шинжаң аймагында өндүрүлгөн пахта менен помидорду импорттоого тыюу салынарын билдирдиТүркияда коронавируска каршы эмдөө башталдыПара талап кылган деп шек саналган милиционер кармалдыБишкектеги мектептердин мугалимдери медициналык кароодон өтүшөтУгандада азыркы президентке популярдуу ырчы атаандаш болуп чыктыДССУ: Вакцина менен кошо эле вирустун жаңы типтери пайда болуп жатат«Фейсбук» Кыргызстандагы жүздөгөн фейк аккаунттарды жок кылды