Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Бишкектеги мектептердин мугалимдери медициналык кароодон өтүшөт


Мектепте балдарга онлайн сабак өтүп жаткан мугалим. Кыргызстан. 2020-жыл.
Мектепте балдарга онлайн сабак өтүп жаткан мугалим. Кыргызстан. 2020-жыл.

18-январда мектептерде салттуу окутуу жанданганга чейин мугалимдердин баары медициналык текшерүүдөн өтөт. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, эгер дарыгерлер мугалимдерден коронавирустун белгилерин байкаса, алар ПЧР тест тапшырууга жиберилет.

Ушундай эле текшерүүдөн бала бакчалардын тарбиячылары, мугалимдери жана бала кароочулары да өтөт.

Мындан тышкары окуу башталганда күн сайын балдардын жана мугалимдердин дене табы текшерилип турат.

Бишкектеги билим берүү башкармалыгы мектептерде салттуу окутуу 18-январдан тартып 1, 5, 9, 11-класстардын окуучулары үчүн жанданарын кабарлаган. Окуу эки нөөмөт менен жүрөт, балдар класстарда социалдык аралыкты сактап отурат. Санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталат деп кабарланган.

Ал эми баш калаанын бала бакчалары 1-февралдан тартып ишин жандантат. Бала бакчаларга да алгач даярдоо тайпаларынын балдары барышат. Кенже тайпалар кийинчерээк кошулат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер жана бала бакчалар 2020-жылдын март айынан тартып, карантинге жабылган. Мектептер 4-чейректи аралыктан окуу менен аяктап, быйылкы жаңы окуу жылын да онлайн системада окуу менен улантышкан. Экинчи чейректен тартып айрым жашыл аймактагы мектептерге 1,5,9,11-класстарга салттуу түрдө окутууга уруксат берилген. 12-январдан тартып өлкөдөгү жалпы 1915 мектеп балдарды салттуу түрдө окутууга өттү. Билим берүү жана илим министрлиги окуу процесси Саламаттык сактоо министрлиги Коронавируска каршы республикалык штаб менен чогуу түзгөн алгоритмге ылайык жүргүзүлөрүн маалымдоодо. (ZKo)

XS
SM
MD
LG