Бүгүн, 14-январда Бишкек шаардык соту ооган жараны Камран Шенвариге чыгарылган Октябрь райондук сотунун чечими боюнча апелляциялык арызды карады. Шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүнкү териштирүүдө иш боюнча күбө өтүп жаткан журналист суралды. Кийинки жараян 27-январда болот.
14-январда шаардык соттун жанында айыпталуучунун жакындары митингге чыгып, анын күнөөсүз соттолгонун билдиришти. Өзүн Шенваринин жубайы катары тааныштырган Линара Мазунова сот чечимин мыйзамсыз деп баалады:
«Бул өтө коркунучтуу көрүнүш. Сот күйөөмдү фейк аккаунт тарабынан жазылган комментарий үчүн беш жылга кести. Биз буга каршыбыз».
Ооганстандын жараны Камран Шенварини Бишкектин Октябрь райондук соту Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний жана аймактык кастыкты козутуу») боюнча айыптап, беш жылга эркинен ажыраткан. Ал «Фейсбуктагы» баракчасында экстремизмге чакырган комментарийи үчүн айыпталганы кабарланган. (ZKo)
Дагы караңыз
Сот: Сайпидинов мамлекетке зыянды төлөп бергени үчүн үй камагына чыкты«Фейсбук» Кыргызстандагы жүздөгөн фейк аккаунттарды жок кылдыНарында акцияга чыккандардын бири өзүн өрттөгөнгө аракет кылды Кароосуз балдар фостердик үй-бүлөлөргө бериле баштадыКоронавирус дагы 136 адамга жукту, үч бейтап көз жумдуАдвокаттар Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүүдө«Этти Кытайга экспорттоо - ишке ашпас кыял»Башкаруучу коалиция өкмөт башчылыкка талапкерди президенттин инаугурациясынан кийин сунуш кылат