Кароосуз балдар фостердик үй-бүлөлөргө бериле баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова 14-январда басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдөгү балдар үйлөрү жана интернаттар реформаланып, жоюлууда.

«Баланы кийинтип-ичинтип коюудан тышкары ата-энелик мээрим керек. Интернатта тарбиячылар ар бир балага көңүл бурууга үлгүрүшпөйт. Ошондуктан биз балдар үйлөрүн жана интернаттарды реформалап, андагы балдарды фостердик үй-бүлөлөргө берүүнү баштадык», - деди Солтонбекова.

Министр ата-энелерди фостердик үй-бүлө түзүүгө чакырды. Бүгүнкү күнү өлкөдө 44 фостердик үй-бүлө бар. Анда 72 бала тарбияланууда. 2014-жылдан бери фостердик үй-бүлөлөрдө 200дөн ашуун кароосуз калган бала тарбияланган.

Багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөр келишимдин негизинде балдарды убактылуу тарбиялоого алышат. Фостердик үй-бүлөлөр белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек жана атайын окуудан өткөрүлөт. Фостердик үй-бүлөдө убактылуу тарбияланууга 16 жашка чейинки балдар берилет. Бирок өздөрүнүн балдарын кошкондо беш баладан ашпашы керек. Фостердик ата-эне болууну каалагандар жашаган жери боюнча райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылышы зарыл.

30 жашка чыккан, бирок 65 жаштан улуу эмес, окуудан, тандоодон өтүшкөн адамдар багуучу ата-эне боло алышат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги багып алуучу үй-бүлөлөргө 6 миң сом айлык, ал эми балдардын өздөрүнө да (кийим кечесине, тамак-ашына ж.б.) ай сайын 6 миң сом бөлүп берет. Фостердик үй-бүлөлөргө жетим балдар, ата-энесинин укугунан ажыратылган, балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан үй-бүлөлөрдөн алынган жана башка жагдайларга байланыштуу турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар жайгаштырылат. (ZKo)

Дагы караңыз

Коронавирус дагы 136 адамга жукту, үч бейтап көз жумдуАдвокаттар Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүүдө«Этти Кытайга экспорттоо - ишке ашпас кыял»Башкаруучу коалиция өкмөт башчылыкка талапкерди президенттин инаугурациясынан кийин сунуш кылат«Супара» интерактивдүү музейи негизделдиУКМКга суракка барган Курсан Асановдун жубайы ооруканага түштү2020-жылы Кыргызстандын экономикасы 8,6% төмөндөдү