Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:49

УКМКга суракка барган Курсан Асановдун жубайы ооруканага түштү


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, президенттикке талапкер болгон Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканова суракка чакырылгандан кийин ооруканага түштү. Ал 11-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка келген.

УКМКнын басма сөз кызматы ал сурак башталганга чейин өзүн жаман сезе баштаганын билдирди. Мекеменин Аскердик медициналык кызматынын дарыгерлери абалын карап, медициналык текшерүүдөн өтүүнү сунуш кылышкан.

Үсөнканова «Юрфа» диагностикалык борборунда текшерилип, адистер ал стационарда дарыланышы керектигин айтышкан. Ал Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылды.

Адвокаты Таалайгүл Токтакунова бул маалыматты бышыктап, Үсөнканова инсульт болгонун, азыр реанимацияда экенин кабарлады. Анын айтымында, ал атайын кызматка суракка адвокатсыз барган.

УКМК 7-январда Курсан Асановдун жубайы алдамчылык боюнча шек саналып жатканын жана ага карата сотко чейинки териштирүү иши башталганын билдирген. Адвокат аны шектүү деп атоо туура эмес деген жооп кайтарган.

Асанов 6-январда КТРКда өткөн дебатта өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн укуктары бузулуп жатканын айтып чыккан эле. Анын шайлоодогу ыйгарым укуктуу өкүлү Айгелем Нурбек кызы 8-январда тараткан билдирүүсүндө УКМКнын материалдарында талапкер Курсан Асановго каршы үгүттүн белгилери бар экенин айткан. (SE)

Башка жаңылыктарга назар салыңыз

XS
SM
MD
LG