Мамлекеттик гербге 27 жыл толду

Кыргызстандын мамлекеттик герби жана туусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мамлекеттик герби 1994-жылы, 14-январь күнү Жогорку Кеңештин токтому менен кабыл алынган. Гербдин авторлору - Асеин Абдраев менен Садырбек Дубанаев.

Гербдеги канаттары жайылган шумкар мамлекеттин эркиндигинин белгиси катары сыпатталган. Ортосунда Ысык-Көл, Ала-Тоонун аскалуу бийик кырка тоолору тартылган. Кийин гербдин чекесине буудай менен пахтанын сүрөтү кошулган. Үстү жагына «Кыргыз», астына «Республикасы» деп жазылган.

Гербдеги негизги түстүн көк экендиги Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мүчөсү экендиги менен түшүндүрүлөт. Аталган уюмдун туусу көк түстө.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта, ал эми мамлекеттик гимни 1992-жылы 18-декабрда бекитилген. (ZKo)

Дагы караңыз

HRW: Куугунтук менен зомбулук азайган жокЖапаров: Мыйзамсыз иш кылса бир тууганым болсо да камагыла2020-жылы Кыргызстандын экономикасы 8,6% төмөндөдү Коронавирус дагы 136 адамга жукту, үч бейтап көз жумдуШоудан чыккан чыр: адеп жана эркиндиктин чегиСтуденттердин угулбай калган талабыАКШнын Өкүлдөр Палатасы Трампка импичмент жарыялоо жөнүндө сунушту колдодуHRW Байденди адам укуктарына көбүрөөк көңүл бурууга чакырды