Жалал-Абадда жетим балдарга акчалай жардам берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Араб Эмираттарынын жана Кыргызстандын Улуттук кызыл ай коомунун өнөктөштүк долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунда ата-энесинен ажыраган 82 балага жалпы суммасы үч млн. сомдук жардам берилди.

Ата-энесинен ажыраган балдардын тизмесин уюмга облустук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тактап берген. Маалыматка ылайык, акчалай көмөк чыныгы муктаж балдарга жетишин камсыз кылуу максатында каражаттар ар бир балага банк эсеби аркылуу которулган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунда 509 томолой жетим, ата-энесинин биринен ажыраган 7 965 бала бар. (TB)

Дагы караңыз

2020-жылдын соңку эки айында журналисттерге карата 21 укук бузуу болду«Пандемияда келген жардам калыс бөлүнгөн жок»АКШ эмдөө иштерин күчөтөтБишкекте бала бакчалар 1-февралдан тартып ачылат Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон иштер боюнча сот уланатСарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаев үй камагына чыгарылдыЫрчы Самара Каримова Маданият министрлигин сотто утуп алдыКурал Чокоевге 2011-жылы берилген «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси жокко чыгарылды